Котон жара

Википедия дан
Боз трепонема(Treponema pallidum),Котон жара чакыручу

Котон жара — организмдин бардык орган жана системасын жабыркатуучу венера оорусу; эң оор жугуштуу оору.

Этиология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Котон жараны боз трепонема (спирохета) пайда кылат. Микроскоптон караганда ал ийилген ичке жип сымал келип, кыймылдап турат. Теринин же былжыр челдин кичинекей эле жабыркаган жери аркылуу жугат. Организмге жуккан боз трепонема теридеги эң майда кан тамырлар аркылуу бүт денеге тарайт.

Ал негизинен жыныстык катнашууда жугат. Кээде оорулуу пайдаланган тиш щёткасы, жуунгуч, сүлгү, идиш жана башка буюмдар аркылуу жугушу да ыктымал.

Котон жара

Патогенез[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микроб организмге жуккандан кийин орто эсеп менен 3—4 жума өткөндө (инкубациялык мезгилинен кийин) оору козгогучтун кирген жеринде (жыныс органы, ооз) эң алгачкы белгиси — анча чоң эмес жара пайда болот. Ал тегерек же сүйрү келип, кол менен кармалап көргөндө берч өңдүү катуу сезилет, ошондуктан катуу шанкр (жара) деп аталат. Бул жара адатта кычышпайт, оорубайт, дене да ысыбайт. Катуу шанкр көп учурларда бирөө гана болот. Эгерде дарт жыныстык катнашуу аркылуу жукса, катуу шанкр жыныс мүчөлөрүнө чыгат. Катуу шанкр чыккан жыныс мүчөсү шишимик тартат. Аялдын жатын моюнчасына катуу шанкрдын чыкканы билинбей жүрө берип, башкаларга жугуза берет. Бир нече жумадан кийин катуу шанкр айыга баштайт, бирок бул оорунун толук айыгып кетиши эмес.

Боз трепонема кан менен тарап, кандын составы өзгөрөт, кан бузулуп, оорунун биринчи мезгили экинчи мезгилине өтө баштайт. Эгер дарылоо жүргүзүлбөсө катуу шанкр пайда болгондон 4—5 жума өткөн соң котон жаранын экинчи мезгили башталат. Адамдын бүткөн бою салмактанып, сөөк сыздайт, дене ысыйт. Денеге, кол-бутка мала кызыл түстөгү түрдүү бүдүрлөр (розеола) жана сары кызыл түстө түйүнчөлөр (папула) пайда болот. Ал териде, чел кабыктарда бүдүрөйүп тегерек болуп чыгат, кол менен кармап көргөндө катуу болуп сезилет. Ооздо, жыныс мүчөлөрүндө жана алардын тегерегинде пайда болсо, көлөмдүү келип, үстү жарага айланып жайык кандилома деп аталат. Оорубайт, кычышпайт. Папула ооздун ичинде жайгашса, оорулуу адам дени соо адамдар үчүн чоң коркунуч туудурат. Жара тамактын чел кабыгына чыкса, оорулуу кыркырап, үнү чыкпай, айрым учурда үнү таптакыр бүтүп калат. Чачы, кашы, сакал-муруту ар кайсы жеринен күбө жегендей түшө баштайт.

Котон жаранын экинчи мезгили орто эсеп менен 2—3 жылга созулат. Бул мезгилдин ичинде дарыланбаса, бир нече жолу айыгып, кайра кайталанып чыга бериши мүмкүн. Бул рецидивдик котон жара деп аталат. Туура эмес дарыланганда 3 — 5 жана андан көп жыл өткөндөн кийин оору экинчи мезгилинен үчүнчү мезгилине өтөт. Оорулуунун терисиндеги кызамыктардын көпчүлүгү ар түрдүү тереңдикте жайгашып, жарага айланат. Бул түйүндөр гумма деп аталып, ички органдарды, нерв жана сөөк системасын жабыркатат.

Котон жарасынын башталышы

Гумма жарасы муун, тамак, мурун, боор, жүрөк, өпкө, мээ жана башка мүчөлөрүнүн кызматын бузуп, өмүргө чоң коркунуч туудурат. Эгерде гумма мурун сөөгүндө пайда болсо, мурундун формасы бузулат (ээр сымал мурун). Нерв системасы жабыркаганда жүлүн бузулуп, омуртка канжар менен сайып алгандай ооруйт, заара кылуу, заңдоо бузулат, көрүү нерви атрофияланып, сокур болот.

Котон жараны дарылабаган же туура эмес дарыланган ата-энеден түйүлдүккө жугат, бала жакшы өспөй 5—6 ай өткөн соң бойдон түшүп калат же ара төрөлөт. Оорулуу бала эмчекти жакшы эме албай, дем алуусу начар, бети башынын, колу-бутунун териси бырышып, арык болот. Төрөлгөндө эле баланын буту-колунда, жыныс мүчөлөрүндө жара байкалат же кийин чыгат (тубаса Котон жара). Тубаса котон жаранын кечикме түрү да болот. Бул учурда баланын тиши тегиз чыкпай, сейрек өсөт, көздүн кареги булуттанып, ак чел басып, көрүү, угуу начар болот; жилик сөөктөр түз өспөй, ийрейип, түн ичинде сөөк сыздап ооруп, уюп какшайт. Тубаса котон жара менен ооруган балдар начар, жай өсөт, соо балдарга караганда акыл-эси кемирээк келет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону догдур оорулуунун жалпы абалына жана оорунун стадиясына жараша жүргүзөт. Өз убагында, туура, так жүргүзүлгөн дарылоодон оорулуу толук айыгат. Оорунун башында (өтө жугуштуу убагында) атайын ооруканада, кийин амбулаторияда же теривенерология диспансеринде дарыланат. Бардык оорулуулар диспансердик каттоодо болуп, дарылоонун этаптарын бузбашы керек. Бул учурда башка кишиге жуктурушу мүмкүн, ошондуктан оорулуу дарыланууну бузса, жоопко тартылат. Дарылануу убагында ичкилик ичүү, тамеки тартууга болбойт. Ар дайым денени таза алып жүрүү зарыл.

Оорулуу түрдүүлөп жана витаминдүү тамактануусу керек. Өз убагында уктап, таза абада болуп, эртең менен, кечинде дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо өтө пайдалуу. Дарылангандан кийин оорулуу бир нече жыл каттоодо болуп, жыныстык катнашууга болбойт. Толук айыккандан кийин каттоодон чыгарылат. Бирок котон жаранын туруктуу иммунитети жок, ошондуктан ооруну кайра жуктуруп алуусу мүмкүн.

Оорулуунун төшөнчү-орду, идиш-аягы, сүлгүсү жана башка буюмдары өзүнчө бөлүнүп коюлуусу тийиш. Мындай оорулуу адам донор боло албайт. кылат, эркегинин чоңдугу 0,18—0,27 мм, ургаачысынын чоңдугу 0,4 мм. Ургаачысы теринин мүйүз катмарына кирип алып, котур жолун жасап, ал

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубаса котон жаранын алдын алуу үчүн бардык кош бойлуулардын каны (Вассерман реакциясы) текшерилет. Алдын алууда көрүнгөн менен жыныстык катнашпоонун мааниси чоң. Венера оорусун жуктуруп алдым го деп шектенгенде, тезинен күн-түн иштөөчү теривенерология диспансерине кайрылуу зарыл, к. Венера оорулары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8