Кошбаев Жамалбек Калыкович

Википедия дан

Кошбаев Жамалбек Калыкович (17.5.1962, Курулуш айылы - 5.6.2006, Жаңы-Базар айылы) - Кыргыз Республикасынын улуттук күрөш боюнча спорт чебери (1994), белгилүү машыктыруучу.

Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүткөн (1989). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1980-82). Студенттик жылдары «Буревестник», «Динамо» спорттук клубдарында эркин жана улутгук күрөш боюнча машыккан. 1989-жылдан Чаткал орто мектебинде мугалим, өспүрүм балдар мектебинде улуттук күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштеген. Көптөгөн жаш спортчулардын өсүшүнө салым кошкон. Спорттук жетишкендиктери: СССР элдеринин Карачай-Черкессияда өткөн эл аралык турниринде I (78 кг, 1990), Фрунзе шаардык биринчилигинде II (1986), I (1987) ж.б.байгелүү орундарды багынткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6