Коён сымалдар
Коён сымалдар (лат. Lagomorpha) – эмүүчүлөр классынын бир түркүмү. 20-к-дын орто ченине чейин К-ды кемирүүчүлөр түркүмүнүн түркүмчөсү деп эсептешкен (эки жуп кашка тиштүүүлөр – Duplicidenta). Бирок К-дын кемирүүчүлөр менен окшоштугу дивергенттик эмес да, конвергенттик. Алдынкы буттары 5, арткы буттары 4 манжалуу. Кээ бир түрлөргө жүнүнүн өңү-түсү жана анын структурасы мезгилге жараша өзгөрүп, түлөп турушу менен мүнөздүү. Үстүнкү жаагында 2 жуп кашка тиштери бар; эң чоңдору – алдыңкы кашка тиштери, тынымсыз өсүп турат. Арткы буту дайыма алдыңкы бутунан узунураак. Куйругу кыска, кулагы узун. Бул түркүмгө 4 тукуму, анын ичинен 2 азыркы мезгилдеги: коён чычкандар (Begonydae) жана коёндор (Leporidae) кирет. К-дын денесинин уз. 75 смге чейин. 10 уруусунун 45–47 түрлөрү бар. Коёндор тукумунун ареалы түркүмдүн ареалына ылайык келет. КМШда – коёндор уруусунун (Герия) 4 түрү, а. и., русак, ак коён (беляк), толай жана кроликтер уруусунун 1 түрү кездешет. Тиричилигин күүгүмдө жана түнкүсүн өткөрөт. Саатына 70 кмге чейин ылдамдыкта чуркап жүрүшө алышат. Жалгыздап жүрөт. Бир жылда 2–5 жолу 2–8ден 15ке чейин бөжөк тууйт. Антарктидада, Түштүк Американын түштүк бөлүктөрүндө, Мадагаскарда жана көптөгөн башка аралдарда гана жок. Ийиндерде жашашкан түрлөрүн балдары көзү ачылбаган, жылаңач жана алсыз, начар туулушат, ар дайым туруктуу жашырына турган жай куруучу түрлөрдүн балдарынын көзү жакшы көргөн, жүн менен капталышкан, өз алдынча кыймылдап жүрүүгө жөндөмдүү болуп туулушат. Арктикалык тундрадан тартып, тропикалык токойлорго жана чөлдөргө чейин, тоолордо – альпы зонасына чейин жашашат. Айыл жана токой чарбасына зыян келтириши мүмкүн. 4 түрү ЖКЭСнун Кызыл китебине киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4