Антарктида

Wikipedia дан
This is topographic map of Antarctica after removing the ice sheet and accounting for both isostatic rebound and sea level rise. Hence this map suggests what Antarctica may have looked like 35 million years ago, when the Earth was warm enough to prevent the formation of large-scale ice sheets in Antarctica.

Антарктида (грекчеден ἀνταρκτικός — Арктиканын тетирилиги)- Антарктикадагы материк, дээрлик Түштүк уюл тегеригинин ичинде жайгашкан. Аянты 14,4 млн км². Жээктеринде (узундугу 30 мин кмден ашык) булун-буйтка аз, бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэделл деңиздери материкке кыйла кирип турат.

Ошондой эле Антарктида деп Антарктида материги жана анын тегерегинде жайгашкан аралдар аталат.

Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 16 (28)-январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган. Алар «Восток» жана «Мирный» аттуу кемелеринде Антарктиданын -69.35, -2.23333369°21′ тш.к. 2°14′ б.у. / 69.35° тш.к. 2.233333° б.у. (G) чекитине жетишкен (азыркы Беллинсгаузен атындагы муз шельфинин аймагы).

Мурун түштүк материк бар болгондугу гипотетикалык түрдө ырасталчу, кээде аны Түштүк Америка жана Австралия менен бириктиришчү. Бирок Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин экспедициясы алтынчы материктин бар болгондугун тастыктаган.

Континенталдык аймагына биринчи болуп "Антарктик" аттуу норвегиялык кеменин капитаны Кристенсен жана табигый илимдеринин окутуучусу Карстен Борхгревинк 1895 жылы 24 январда бут шилтешкен.

Антарктида - дүйнөдөгү эң бийик материк.