Коңгу
Коңгу — топоним. Манас он төрт жашында ит агытып, куш салып кеткенине он бир күн болгондо санаасы тынчыбай аны издеп чыккан Жакыпка жолуккан он бир кишинин жери катары:
Бирибизди сурасаң,
Тарлан аттуу жерибиз,
Талкоо кытай элибиз,
Ындыстандын бер жагы
Коңгу деген жерибиз (Сагымбай Орозбаков, 1. 219),— деп айтылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4