Кризис кубулуштар

Википедия дан

Кризис кубулуштар - заттардын бир фазадан экинчи фазага (мисалы, суюктуктан бууга) өтүү чекитинин айланасындагы абалын мүнөздөөчү кубулуштар.

Кризис кубулуштардын типтүү мисалдары төмөнкүлөр: суюктук жана газ абалындагы заттардын кризис чекитке жакындаган сайын кысылуусунун жогорулашы, ферромагнетик жана сегнетоэлектрик заттардын температурасы Кюри чекитине жакындаганда магниттик кабылдагычтыгынын жана диэлектриктик өткөрүмдүүлүгүнүн өсүшү ж. б. Кризис кубулуштарды жөнөкөйлөштүрүп түшүнгөнүбүздө, ал - заттардын бир фазадан экинчи фазага өтүү чекитинин тегерегиндеги термодинамикалык чоңдуктардын флуктуациясынын жогорулоо кубулушу. Демек, флуктуациялануу кубулушунун жогорулашы кризис абалдагы суюктук жана буунун тыгыздыгынын бир чекиттен экинчи чекитке өткөндө даана өзгөрүп турушуна алып келет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.