Кубалыктар

Википедия дан

Кубалыктар (өздөрүн кубанос деп аташат) – эл, Кубанын негизги калкы. АКШ (1 млн), Канада (10 миң), Испания (20 миң) жана Латын Америка мамлекеттеринде да жашайт. Жалпы саны 12,4 млн киши, анын ичинде 11,2 млну Кубада (2008). Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү – католиктер, протестанттар жана африкалык-христиандык ар кандай синкреттүү динге ишенгендери да бар. Кубалыктардын этностук негизин абориген индейлери, испан келгиндери менен кул катары Африкадан (16–19-кылым) алып келинген негрлер түзгөн. Кубалыктардын улут болуп калыптанышына 30 жылдык (1868–98) улуттук-боштондук согуш, 1933-жылдагы революция, 1959-жылдагы элдик революция маанилүү этаптардан болду. Кубалыктар дыйканчылык менен кесиптенишип, дубалы пальма жыгачынан тургузулуп, үстү пальма жалбырагы менен жабылган үйлөрдө жашаган. Эркектер кенен көйнөк, башына чий калпак, аялдар чыттан тигилген юбка, кыска күрмө кийип, түстүү жоолук салынат. Тамак-ашы негизинен күрүч, төө буурчак, жүгөрү, жер-жемиштер, ошондой эле деңиз жээгинде жашагандар балык, моллюска, таш бака ж. б. пайдаланышат. Учурда калктын көпчүлүгү шаарда жашап, өнөр-жайыда иштешет. Карнавал, короз чокуштуруу ж. б. элдик оюндары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]