Кудайбердиев Ташбек
Кудайбердиев Ташбек (8. 8. 1939-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Жоош айылы) — театр артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997). Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы Театралдык институтту бүтүргөн (1963). 1963-жылы Кыргыз филармониясында, 1964-жылы М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык-драма театрында, 1974-жылдан Барпы атындагы Ош драма театрында иштеген. Кудайбердиев көрүүчүлөрдүн купулуна толгон түрдүү мүнөздөгү ролдорду аткарган: Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Скалозуб (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Атакан (Б. Жакиев, «Миң кыял»), Жарылгап (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жанчархан, Чындыкбай, Түлкүбаев (Т. Абдумомунов, «Алдар көсө», «Ашырбай», «Тар капчыгай»), Киркирек (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия») ж. б. кейипкерлердин образын чебер жараткан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9