Кудалашуу

Википедия дан

Таптыңбы акылдууну - шашып дароо,
Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.
Жусуп Баласагын

Кудалашууникелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу. Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда. Бел куда – төрөлө элек балдарды (боюнда бар кезинде) келечекте баш коштуруу үчүн убадалашуу; бешик куда – кичинекей, бешиктеги мезгилинде Кудалашуу; кайчы куда – кыз алышып, кыз беришүү. Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Кудалашуу учурунда кыздын же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.
Айрым учурда мамилелери өтө жакын, ымалалаш, санаалаш, дос-тамыр, алыш-бериши бар алакалаш же сөөк жаңыртууну каалаган адамдар араны алыстатпоо, элдерди жакындаштыруу үчүн бел куда болгон учурлар да кездешет. Бел куда болуу - бул балдар төрөлө электе эле кудалашуу салты. Эгерде төрөлгөн балдардын экөө тең уул же кыз болуп калса, анда достоштурат. Ошондой болсо да илим бүгүнкү күндө гана ДНК хромосому 7 ата өткөндөн кийин гана тазаланаарын билсе, кыргыздар байыртадан эле билип, 7 ата өтмөйүн кудалашкан эмес.

Кээде өспүрүм уулу бар адамдар жакын санаалаштары кыздуу болгон учурда ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап келип, кулдук уруп, кудалашып, жаңы төрөлгөн наристеге сөйкө салып кетишкен. Ошону менен ал кыздын башы байланып, сөйкөлүү кыз аталган. Ага башка эч ким көз арта алган эмес. Бул бешик куда болуу деп аталат. Бул учурларда албетте балдардын макулдугу суралбайт. Мурунку кудалардын ортону алыстатпаш үчүн кайрадан куда болуусу сөөк жаңыртуу, кайчы куда деп аталган. Кудалашуунун мындай түрлөрү социалдык бир катмардагы адамдар ортосунда болуп, турмуш муктаждыгынан жана ата-энелердин болочок үй-бүлөнүн бекем болушу үчүн кам көрүүсүнөн келип чыккан. Күйөөсү өлгөн аялды кайнисине же кайнагасына (сорорат), аялы каза болгон эркекке балдызын (левират) алып берүү салты да кеңири жайылган, бул жетим калган балдардын кор болбой, туугандарынан ажырабай жакшы тарбия алышына шарт түзгөн, анын үстүнө балдарды жетимсиретпей тарбиялоо алардын милдети болгон. Тууган-уруктук мамиле да үзүлгөн эмес.

Ал эми жеңелердин кызды, жигитти үй-бүлөлүк турмушка даярдоодо, өз теңин таап берүүдө орду чоң болгон. Эгерде кыздын башы бош болсо (мурда эч ким бел куда болбосо, сөйкө салбаса), ал бойго жеткенде жактырып калган жигит, кыйлага акмалап, сынына толтургандан кийин гана ата-энесине айткан. Ошондон кийин баланын атасы, же анын оозунда кеби бар, элге кадыр-барктуу туугандарынын бири кыздын атасына жуучулукка келип, кудалашуу башталган. Жуучу:
Кулдугум бар! - деп эки колун бооруна алып, жүгүнгөнсүп таазим кылган,

Кулдугуң кудайга! - дешкен кыздын ата-энеси.

Жуучу эки тараптын куда болуп, келечекте бири-бири менен жылуу мамиледе болуулары үчүн аракет кылган.

Жуучу үч жолу барган, үчүнчү барышында эгер каалашпаса, сый-сыпат менен узатып коюшкан. Эгер мамилелери мурдагыдан жумшарып калса, макул болгондуктун белгиси болуп, калган сөз дасторкон үстүндө бышып жетилген. Үйлөнүү үлпөтү качан, кайда болору чечилген. Жуучуга чепкен жабылган. Ошондой болсо да алыстан кыз издөө, башка улутка үйлөнүү салты мурда эле болгон. Мисалы, Жакыптын уулу Манаска аял алып берүү үчүн кыз издеп, тажик элинин кызы Санирабиганы (Каныкей энебизди) табышы. Демек, байыркы ата-бабаларыбыз мурдатан эле генофондду жакшыртууну, эки элди жакындаштырууну да эстеринен чыгарышпаптыр десек жаңылышпайбыз.

Кудалар ар дайым жамандык-жакшылыкта бири-бирине жөлөк, тирек болгон. Куда-кудагыйлардын ортосунда ызаатташуу, ынтымак терең сакталган. Кудалардын чатакташуусу, чырдашуусу ата салтына жатпаган жосун катары каралган. «Жакшыга жуучу келет, жаманга куучу келет», «Куда болгончо кулбийинди сураш, куда болгондон кийин кул да болсоң сыйлаш», «Дос айрьшат, сөөк кайрылат» деген накыл кептер бекер айтылбаса керек. Азыркы кезде үй-бүлө күтүүнү жаштардын өз колуна берип койгонубуздан көптөгөн жигиттер кеч үйлөнүп, кыздар кара далы болуп калууда. Бирок, бүгүнкү күндөгү турмуш чындыгы жаштардын үй-бүлө курушуна ага-туугандардын кайдыгер болбой, мурунку салттардын айрымдарын калыбына келтирүү зарылдыгын каңкуулап турат. Ошондонбу азыркы кезде сөйкө салуу сыяктуу салттар кайрадан жанданып келатышы да көңүл бурууну талап кылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”
  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.