Кулактар

Википедия дан

Кулактар – социалдык жикке бөлүнүүдөн пайда болгон айыл кыштактагы оокаттуу дыйкандар. Кулактар башка дыйкандардан мал-мүлкү, үй-тиричилиги, ээлеген жери боюнча байыраак болушкан. Маданий деңгээли боюнча башка дыйкандардан айырмаланышкан эмес. Кулактар 1861-жылы Россияда крепостнойлук укукту жоюу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин социалдык катмар катары пайда болгон. Кыргызстандагы Кулактардын катмарын 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Россиядан көчүп келишкен орус, украин, белорус жана башкалардын оокаттуу дыйкандары түзүшкөн. Алар Кыргызстандын аймагында падышачылык Россиянын колониалдык саясатынын таяныч милдетин аткарышкан. Кыштактардагы капиталисттердин өз алдынча катмарын түзүшүп, арендалар жана сатып алуу менен дыйкандардын, помещиктердин жана казынанын жерлерин ээлеген соода, өнөр жай мекемелерин ээлешип, алып сатарлык кылышкан, чарбасында дыйкандарды жана кедейлерди жалдашкан.

Октябрь революциясынын жеңип чыгышын, Совет бийлигинин орношун жана анын жүргүзгөн социалдык кайра курууларына каршы чыгышкан. Алар кедей жана орто дыйкандарды алдоо жолу менен айылдык жана болуштук советтерге киришкен. Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана түштүк батыш аймагында (Айдаркен, Сүлүктү) Кыргыздардын айрымдары большевиктик партиянын катарына өтүшкөн. Ачарчылыкты жана Кыргызстандагы социалдык экономикалык кыйын абалды пайдаланып, Совет бийлигин кээ бир чарбалык маданий кайра курууларынан баш тарттырууга аракеттенишкен.

Кийинчерээк Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн социалдык экономикалык жана маданий курулуштарга тынымсыз билинбеген каршылыктарды көргөзүп турушкан. Кулактардын жергиликтүү жана европалык элдердин ортосундагы улуттук мамилелердин калыптанышына жана өнүгүшүнө тескери таасирлерин тийгизишип, шовинисттик саясатты үгүттөшкөн. 20-жылдары Совет өкмөтү Кыргыздарга каршы чектөө саясатын, 1929-жылдан тап катары жоюу саясатын жүргүзө баштаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.