Кулгуу

Википедия дан

Кулгуу - көбүнчө эмчектеги балдарда байкалат; демейде бала эмээр замат, чанда 2-3 саат өткөндөн кийин кулгуйт.

Кулгуунун кусуудан айырмасы баланын абалы начарлабайт, көңүлү ачык болот, ал эми кускандан кийин баланын алы кетип, өңү кубарат. Кулгууда сүт бир аз ирип же ирибей эле чыгат. Көбүнчө баланы ашыкча эмизүүдөн, эмчек эмгенде абаны көп жутуп алуудан болот. Бул шашып эмген балдарда, ошондой эле эненин сүтү көп болгондо байкалат. Бул учурда баланы эмизер замат жаткырбай, тикесинен кармап туруп, жуткан желди жана ашыкча сүттү кулгугандан кийин жаткырган оң. Баланы эмизер замат жалаягын алмаштырууга болбойт. Эгерде бала чанда кулгуса эч кандай тынчсыздануунун кереги жок. Ал эми бала тез-тез кулгуса врачка кайрылуу керек. Тез-тез көптөн Кулгуу оорунун белгиси болуп эсептелет. Кулгуу, ошондой эле Эмчектеги бала макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8