Кулназаров Карамырза

Википедия дан
Карамырза Кулназаров
Туулган датасы:

1930 жыл(1930)

Туулган жери:

Кара-Суу айылы, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Карамырза Кулназаров — 1930-жылы Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулган.Орто мектепти бүткөндөн кийин советтик армиянын катарында 3жыл кызмат кылган.1954-1956-жылдары Жаңы-Жол токой чарбасында обтездчик болуп иштеген.1956-1965-жылдары ОГПИде окуган.1963-1966-жылдары Авлетим орто мектебинде химия,биология мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.1966-1972-жылдары Абдыкалык мектебинде директорлук кызматты аткарган.1972-1975-жылдары Кызыл-Туу айыл кеңешинин төрөгасы.1975-1977-жылдары Жаңы-Жол совхозунда партиялык комитеттин секретары болуп шайланган.1977-1983-жылдары Тельман колхозунда башкарманын төрөгасы, 1983-1984-жылдары райондук айыл-чарба башкармасында жетектөөчү адис, 1984-1985-жылдары Кызыл-Туу совхозунда директордун орун басары, 1985-жылы Топжаңгак айыл кеңешинин төрөгасы, 1986-1995-жылдары кайрадан Кара-Суу колхозунун директорунун орун басары болуп иштеген.1995-1996-жылдары Кызыл-Туу айыл комитетинде төрөгасы кызматын аткарып,айыл чарбасын реформалоодо чоң эмгек сиңирген, 1996-1997-жылдары айыл өкмөттөрү түзүлгөндө алгачкы кадр болуп, Кара-Суу айыл өкмөтүнө төрага болуп иштеген.1997-жылы Кара-Суу айылынын экинчи курултайында айылдаштары аны айыл аксакалы кылып шайлап алышкан. Кулназаров Карамырза Тельман колхозунда башкарма болуп турганда колхоздун элинин жашоосу оңолгон.

Авлетим орто мектебин бүткөн көп окуучулары азыркыга чейин жакшы окуткан деп эскеришет. Аксы окуясында элдин талабын талашып бийлик менен элдин ортосунда чоң көпүрө болгон! Өлкөбүздүн жогорку уюмдарынан тартып, жергиликтүү өкмөттөргө чейинки бийликтин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Райондук кеңешке 4 жолу, облустук Кеңешке 2жолу Депутат болгон. 3 уул, 6 кыздын атасы. Балдар кыздарынын баары жогорку билимдүү. Эки баласы илимдин докторлору профессорлор.