Кулумбетов Чаткалбай

Википедия дан

Кулумбетов Чаткалбай (1918, Наманган уезди, Сумсар айылы) - коомдук ишмер. 1938-40-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп,

  • 1942-47-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катыщкан.
  • 1940-42-жылдары Ала-Бука райондук Ички иштер бөлүмүнүн паспорт берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1947-48-жылдары партиянын Ала-Бука райондук комитетинде инструктор,
  • 1948-51-жылдары Ала-Бука райондук комсомол комитетинин 1-катчысы,
  • 1951-53-жылдары Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы,
  • 1953-61-жылдары “1-Май” колхозунун партиялык комитетинин катчысы болуп иштеген.

1,11-даражадагы Ата Мекендик согуш, “Даңк” , 2 Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Ысмы Ак-Башат орто мектебине (Ала-Бука району) коюлган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6