Кумаров Болоткан Советбекович

Википедия дан

Кумаров Болоткан Советбекович (4. 4. 1963-ж. туулган, Сокулук району, Белогорка кыштагы) - мамлекеттик ишмер.

  • Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл совхоз-техникумун (1982)-агроном, Беларус айыл чарба академиясын бүтургөн (1989)-окумуштуу агроном.
  • Эмгек жолун 1982-ж. Сокулук районунун кант кызылчасы боюнча тажрыйба-селекция станциясында инженер-гидротехник болуп баштаган.
  • 1982-84-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. Караганда шары.
  • Ал 1989-91-жылдары Кара-Балта совхоз-заводто гидротехник, башкы агроном,
  • 1992-95-жылдары Жайыл райондук айыл чарба башкармалыгында башкы агроном, начальниктин орун басары, Сосновка айылындагы «Талды-Булак» айыл-чарба кооперативинин төрагасы(мурдагы Крупская атындагы колхоз),
  • 1996-ж. Сокулук райондук айыл чарба комитетинде төраганын орун басары,
  • 1996-98-жылдары Сокулук районунун жерди иштетүү жана жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги,
  • 1998-2001-жылдары Сокулук районунун акиминин 1-орун басары.
  • 2001-2002-жылдары Нарын облустук губернаторунун 1-орун басары,
  • 2002-2004-жылдары Премьерминистрдин аппаратында бөлүмдүн начальниги,

2004-2005-жылдары эл аралык интеграция жана кызматташуу министрлигинде министрдин орун басары, 04.2005-ж. Премьер-министрдин аппаратында башкармалыктын жетекчисинин орун басары,

  • 2005-07-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында сектор башчы, 2007-09-жылдары Сокулук районун акими болуп эмгектенген.
  • 2009-2010-жылдын апрелине чейин Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор болуп эмгектенген.
  • Теги суусамырлык, чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9