Кумурскалар

Wikipedia дан
Кызыл өрт кумурскалар (Solenopsis invicta)

Кумурскалар (лат. Formicidae) — Курт-кумурскалар уруусу.

Коомчулукту түзүшүп жашашкан курт-кумурскалар, 3 кастадан (же стазадан) турушат: ургаачылар, эркектер жана жумушчу особдор. Ургаачы жана эркек особдордун канаттары бар, жумушчу особдор — канатсыз. Муруттары муунга бөлүнгөн, ургаачылардыкы жана жумушчу особдордуку 11—12 муунак, ал эми эркекткрдики болсо 12—13, кээ бир түрлөрдүкү 4-, 6-, жана 10 муунактардан турушат. Муруттун негизги бөлүгү (скапус) башкаларга караганда узунураак келет. төшүнүн артынкы бөлүгү (эпинотум) курсагынын биринчилик сегментин көрсөтүп, арткы төшү менен биригип турат. Негизинен курсагы эпинотум менен ичке бел менен биригип турат, 1 же 2 сегментти түзүшөт.

Кумурскалар уясында үй-бүлөлөрү менен жашашат, уяларын - топуракта, таштардын астыларында, дарактарда жасашса, кээ бирлери өсүмдүктөрдүн калдыктары менен уюктарды түзүшөт. Паразитизм жолу менен жашашкан да түрлөр кездешишет. Булар башка түрдөгү кумурскалардын уюктарына киришип аларды «кулдарга» айландырышып жашашат. Мындай түргө кирген кумурскаларды кул кармоочулар деп да атап коюшат. Ал эми кээ бир түрлөр болсо адамдардын жашоо тиричилиги менен тыгыз байланышып, алардын чөйрөсүндө жашашат. Маданий өсүмдүктөрдүн оору козгоочуларына каршы күрөшкөн кумурскалар да болбой койбойт, мындай кумурскаларды дыйкандар атайлап талааларга коё беришет.

Көбүнчө өсүмдүктөр ширеси, ошондой эле өсүмдүк битинин сүтү менен, ал эми түйүлдүктөрүн тамактандыруу учурунда башка курт-кумурскалар менен азыктанышат.

Антарктида жана башка алыс жайгашкан аралдардан башка дүйнөнүн бардык жерлеринде таралышкан. Жер үстүндө жашашкан жаныбарлардын 15-25% биомассын түзүшөт. Кумурскалардын жашоо жөндөмдүүлүгү болуп, булардын коомчулукту түзүшүп жашагандыктары, айлана чөйрөдө туура ареинтация алышы, азык катары түрдүү заттарды колдонушу жана жашаган жерин оңой жана тез арада которуп кетиши болуп саналат.

Дүйнө жүзүндө 12 000 түрү бар, эң кеңири тараган аймактар болуп тропиктер саналышат.Палеарктикада болжол менен 500 түр, КМШ өлкөлөрүндө 300 түрлөр жашашат.


Уруунун сүрөттөлүшү[оңдоо]

Жумушчу кумурсканын түзүлүшү (Pachycondyla verenae)

Кумурскалар — этологиянын, экологиянын жана физиологиянын көз карашында эң эволюцияланышкан курт-кумурскалар болуп саналышат. Булардын үй-бүлөсүндө жеке индивид жасай албаган маселелерди социалдык коом жасайт, бул коомго уюктагы ар бир жумуш бөлүштүрүлгөн, ошол эле учурда булар бири бирин көзөмөлдөп турушат. Кумурскалардын кээ бир түрлөрүндө маалымат берүү үчүн атайын «тил» да жакшы өнүккөн. Мындан сырткары көпчүлүк түрлөр башка курт-кумурскалар жана өсүмдүктөр менен симбиотикалык карым катнашта да жашай алышат (амазон токоюндагы Duroia hirsuta дарагы).

Кумурскалардын коомчулукту түзүшүп жашашы, бул курт-кумурскалардын башка топтордун үстүндө доминанттуулук кылуусуна түрткү берет. Мисалы Кот-д'Ивуардагы (Африка) саванналарда 1 км² 2 миллиард кумурска туура келет, жалпысынан алганда 740 миң колониядан турушат[1].

Уруунун өкүлдөрүнүн өлчөмдөрү ар түрдүү - 1ден - 50 мм жана андан жогору. Эң кичинекей тукумга кирген кумурскалар болуп мономориум (Monomorium) эсептелет, булардын жумушчу особдорунун чоңдугу 1-2 мм, ал эми ургаачы жана эркек особдору 3-4 мм[2].

Ал эми уруунун эң чоң өкүлдөрүнүн бири бул - Camponotus gigas, жумушчу особордун өлчөмү болжол менен 20 мм, эркектери — 18,3 мм, аскерлери — 28,1 мм, энеси — до 31,3 мм.[3]. Ошондой эле эң чоң кумурскалар болуп - гигант динопонера (Dinoponera gigantea) саналат[4]. Денесинин узундугу 25—30 мм[5]. африка тукумундагы Dorylus кумурскасынын эркегинин узундугу 3 см, ал эми энеси (ханыша), жумурткалары толугу менен жетилген учурда курсагы абдан чоң болуп, жалпы денесинин узундугу 5 см чейин жетет[6]. Бирок, тарыхый археологиялык жактан дүйнөдөгү эң ири кумурскалар болуп - Formicium уруусундагылыр саналышат. Булардын эркек особдору 7 см, канаттарынын узундугу, болжол менен 15 см жеткен.[7]


Казылып алынган түрлөр[оңдоо]

Кумурскалар уруусунда болжол менен 4-5 түркүм жок болуп кеткен (Armaniinae, Formiciinae, Sphecomyrminae жана башкалар), 5 өлгөн трибалар, 121 жок болгон тукум, болжол менен 600 өлгөн түр. Биринчи мезозой кумурскасы Нью-Джерсинин (АКШ) жээгинде Эдвард Уилсон жана анын коллегалары тарабынан 1967-жылы (сфекомирма Фрея) акак ташынын кесиндисинде табылган. Табылганын жаш курагы болжол менен 130 миллион жылды түзөт. Кумурскалардын палеонтологиялык тарыхы акыркы жылдарды кеңири изилдене баштаган[8], бирок көпчүлүк табылгалар начар абалда сакталып калгандыктан, аларды толук кандуу аныктоо мүмкүн эмес.

Тирүү табылгалар[оңдоо]

Martialis heureka

2008-жылы Бразилияда табылган примитивдүү сокур кумурска түрү (Martialis heureka) уникалдуу өзгөчөлүктөрү менен, жана жаңы Martialinae түркүмүнүн өкүлү катары таанылган[9].

Тирүү табылганын экинчи мисалы, болуп Австралияда табылган (Nothomyrmecia macrops) «динозавр сымал кумурска» саналат. Ал 1931-жылы табылып, бирок 1934-жылы гана мүнөздөмө берилген, кийинчерээк көптөгөн экспедициялардан улам, аны 1977-жылы гана табышып, толугу менен изилдеп чыгышкан.


Ургаачы особдор[оңдоо]

Кумурскалар үй-бүлөсү бир (түрүнө жараша "моногигия" - бир ургаачы особ, "полигиния" - эки же андан көп) жумуртка туучу репродивдүү ургаачы ("ханыша", эне) особдон турат. Ургаачылар жумушчуларга окшош болушат, бирок төшүнүн кеңдиги жана өлчөмүнүн чоңдугу менен айырмаланышат.

Көпчүлүк түрлөрдө ханыша жана жумушчулар уруктанган жумурткадан пайда болушат, аларда эки түр хромосомаларбар, биринчиси сперматозоидден, экинчиси жумуртка клеткасынан.

Ургаачы особ "жупташуу учуусунда" өмүрүнүн аягына чейин сарптай турган спермынын запасы менен камсыз болот. Курт-кумурскалар дүйнөсүндө эне кумурсканын жашынын узактыгы максималдуу болуп 20 жылды түзөт. Уруктанган ургаачылар канаттарын ташташат да, жаңы үй-бүлө курууга шашышат же болбосо эски үй-бүлөсү менен уюкта кала беришет. Кээ бир учурдарда жаш ургаачыларды бир тукумдагы, бирок башка уюктагы кумурскалар өзүлөрүнө алып алышат. Ургаачы уюкта, өзү жана болочок жумурткалар сакталуучу жайды тандап алып, бир нече убакыттан кийин жумуртка тууганга камынуусу керек.

Жаңы уюк түзүү үчүн, ургаачы кумурска жер казууда

Кээ бир түрлөрдө ургаачылар тамак аш табуу үчүн уюкту таштап да кетишет. Ал эми кээ бирлерде болсо биринчи жумушчу кумурскалардын пайда болушуна чейин өзүнүн булчуң майлары жана канаты менен тамактанат. Кумурска эне түйүлдүктөрдү шилекейи же болбосо атайын "азык" жумурткалар менен тамактандырат. Азык заттын тартыштыгынан биринчи жумушчу кумурскалардын өлчөмү кичинекей болушат.

Негизинен кумурска уюгунун борбору болуп ургаачы кумурска саналат деген ойлор болот, бирок андай эмес. Эгерде уюкта бир ургаачы болсо ал жумушчу кумурскалар тарабынан чоң абыройго ээ, ал эми эки же андан көп болсо, жумушчу кумурскалар аларды, уюктун ар бир учуна ташый беришет, кээ бир ургаачыларды, жумуртка аз туугандыктары үчүн сыртка да кууп чыгышат, же болбосо башка үй-бүлөгө беришет, өлтүрүшөт. Андыктан жумушчу кумурскалар уюкта болуп жаткан бардык процессти көзөмөлдөп (ашыкча түйүлдүктөрдү жок кылышат же алардын азыктануусун өзгөртүшөт) турушат.

Эркек особдор[оңдоо]

«Жупташуу учуу» алдында болочок ханышалар жана эркек особдор

Эркекткр уруктанбаган жумурткалардан пайда болушат жана канаттуу келишет[10]. Алардын кызматы жаш ургаачы особдорду уруктандыруу болуп саналат. Эркек особдор көбүнчө уюкка уруктануу мезгилинде гана учуп келишет, ал эми уруктандыргандан соң өлүп калышат.

Жумушчу кумурскалар[оңдоо]

Уюктагы көпчүлүктү түзүшкөн, жыныс органдары жарым жартыдай же болбосо таптакыр өөрчүбөгөн кумурскалар. Булардын канаттары жок, төшү, көздөрү кичинекей же жок болушат

Шилтемелер[оңдоо]

  1. Муравьи. Онлайн-энциклопедия «Кругосвет». Текшерилеген күнү9 Март (Жалган куран) 2011.
  2. Муравьи рода Monomorium
  3. www.lasius.narod.ru — Camponotus gigas
  4. Kempf, W. W. (1971). A preliminary review of the ponerine ant genus Dinoponera Roger (Hymenoptera: Formicidae). — Stud. Entomol. 14: 369—394
  5. Brown, B. V.; Feener, D. H. (1991). «Behavior and Host Location Cues of Apocephalus paraponerae (Diptera: Phoridae), a Parasitoid of the Giant Tropical Ant, Paraponera clavata (Hymenoptera: Formicidae)». Biotropica 23 (2): 182—187
  6. Orphan army ants adopted (The queens of African Dorylus army ants measure 5 centimeters)
  7. Длусский Г. М. Расницын А. П. Палеонтологическая история муравьёв. XII Всероссийский симпозиум «Муравьи и защита леса». 7-14 августа 2005 г. (г. Новосибирск). — Новосибирск, 2005. — С.49-53.  (орус.)Калып:V
  8. Длусский Г. М., Расницын А. П. 2005.Палеонтологическая история муравьёв.  (орус.)Калып:V
  9. Rabeling C, Brown JM & Verhaagh M (2008). Обнаружен муравей «МАРСИАНИН». PNAS 105 (39): 14913.  (орус.)Калып:V
  10. Перепончатокрылые — статья из Большой советской энциклопедии

Илим[оңдоо]

Көбөйтүп багуу жана форум[оңдоо]

Фотогалереялар[оңдоо]