Кун

Википедия дан

Кун – кыргыздын коомдук салттуу мамилелеринде адамды өлтүргөндүгү, денесине жаракат, үй-мүлкүнө, жеке буюмдарына материалдык зыян келтиргендиги үчүн жооп берүү, өч алуу адаты. Кундун жаралышы алгачкы коомдук мамилелерге барып такалат. Дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринин тарыхына мүнөздүү. Кыргыздарда Кун коомдук мамилелердин өзгөчө катмарын түзгөн; ага байланыштуу «кун алуу», «кун куу», «кунуна берүү», «кунуна келген», «кун доо» жана башка түшүнүктөр кенен тараган.
Кун коллективдуу коргонуунун бир формасы. Негизги максаты – күнөөлүү тарапты жазалоо, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу. Кун алуу (куу) адаты ыйык эсептелип, сөзсүз түрдө аткарылган. Бул көрүнүш коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жараша бир нече баскычтан өтүп, өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бирок, негизги маңызы – күнөөлүү тарапты жазалоо функциясы сакталып калган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]