Курбе, Жан Дезире Гюстав

Википедия дан

Курбе, Жан Дезире Гюстав (1819–1877) – француз живописчиси. Фермер үй-бүлөсүнөн. Париж менен Орнанда кызмат өтөгөн. Турмуш чындыгын даана көргөзгөн кайраттуу, күчтүү, романтикалуу, колоритке каныккан алгачкы эмгектери (“Мүштөкчөн автопортрет”, 1846-47, Монпелье; “Булгары курлуу адам”, 1849, Лувр) К-ни реалист катары тааныткан. 1848-49-жылдагы революция таасири менен демократтык багыттагы сүрөттөрдү (“Таш талкалоочулар”, 1849–50: “Орнандагы өлүк көмүү”, 1850; “Ателье”, 1855, Лувр жана башка ) тартып француз реалисттик живописинин баштоочусу катары таанылган. Классицизм менен романтизмдеги эпигончулукка, искусстводогу жалганчылыкка каршы күрөшүп демократиялуу коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. 60-жылдары “Бугулар баш маанеги” (1860, Лувр), “Бретань жээктериндеги деңиз” (Сүрөт искусство музейи) өңдүү эң сонун пейзаждарды жараткан. К. – Париж коммунасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Коммуна кулагандан кийин камалып, акчалай айыпка жыгылган. 1873-ж. Швейцарияга качып барып, өмүрүнүн акыркы жылдарын ошол жерде өткөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]