Кутурма

Wikipedia дан
Кутурма менен ооруган ит

Кутурма — вирус пайда кылып, борбордук нерв системасын жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Кутурма айыкпас дарт, дүйнө жүзүндөгү белгилүү жугуштуу оорулардын өтө коркунучтуусу. Жаратылышта кутурма менен айрыкча жырткыч айбанаттар (карышкыр, түлкү, чөө, жолборс, илбирс, кашкулак, жапайы ит, мышык жана башка) жана үй жаныбарлары (ит, мышык, кой, жылкы жана бодо мал) ылаңдайт. Кишиге, айбандарга бул ооруну аны менен ооруган жаныбарлар жугузат. Кутурган жаныбарлардын шилекейиндеги вирус жараланган тери аркылуу организмге кирип, нерв талчалары менен мээге, жүлүнгө барып көбөйүп топтоло баштайт. Вирус шилекей менен оорунун белгилери башталарга 8 —10 күн калганда эле сыртка бөлүнүп чыга баштайт. Мындай жаныбарлар оорунун белгилери пайда боло электе эле жугуштуу болуп калат. Кутурма менен ооруган жаныбарлар тынчсызданып, басыгы өзгөрүлөт, шилекейи агат, жинденет, тамак жебей, суу ичпей калат, жыгачтарды, чүпүрөктү жей баштайт. Андан кийин тырышып, шал болот, акыры өлөт.

Кутурма вирусунун электрондук микрофотосүрөтү

Кутурманын вирусу жалаң эле оорулуу жаныбар каап, булчуңга тиштери кирип жарадар болгондо гана жукпастан, шилекей чачыраганда көз, мурун, ооз, тери аркылуу дагы жугушу мүмкүн. Вирус чөйрөнүн түрдүү терс шарттарына, айрыкча төмөнкү температурага туруктуу келет (мисалы, чириген мээде 8 айга чейин жашай берет). Ошондуктан талаада Кутурмадан өлгөн айбандардын (мээси сакталган) тарпы, чириген таштандылары коркунучтуу.

Кутурманын жашыруун мезгили көбүнчө 1 — 3 айга, кээде 10 күндөн 1 жылга чейин созулушу мүмкүн. Жашыруун мезгилдин узактыгы организмге жуккан (кирген) вирустун санына, дененин жараланган жерине, жарааттын көлөмүнө, тереңдигине, адамдын жашына, тиштеген жаныбардын түрүнө байланыштуу болот. Кутурган жаныбар кишинин башына (башкача айтканда. мээге) жакын жерин тиштесе жашыруун мезгил кыска болот.

Кутурмасы бар бейтап, 1959

Оорунун алгачкы белгилери жарадар болгон (тиш кирген) жерде башталат. Ал жер кычышып, сыздап, сайгылашып ооруй баштайт, киши өзүнөн-өзү чочугансып, элеңдеп, капаланып, кайгырып, үшкүрүп, тынчсызданат, уйкусу качат. Мындай абал 1 — 3 күн созулат. Андан ары оорулуу өтө сезгич болуп, коркуу сезими пайда болот, ал эми сууну көргөндө же ичүүгө аракет кылганда коркуу сезими (гидрофобия) күчөп, калтырап титиреп, демигет. Бул белгилер суунун аккан үнүн же анын атын укканда дагы күчөйт. Титирөөнү, калтыроону абанын, шамалдын кыймылы дагы күчөтөт. Күндүн, электрдин жарыгы, катуу дабыш, сүйлөө, жөтөл, оорулууну кармалоо, бетине карай үйлөө жана башка майда кыймылдар кезектеги приступту тездетет. Оорулуу көбүнчө тердейт, шилекейин жута албагандыктан агып турат, улам-улам түкүрүнө берет. Бул белгилерге түрдүү галлюцинациялар кошулат (көзгө коркунучтуу нерселер көрүнүп, түрдүү үндөр угулат). Кээде ага түрдүү агрессивдүү кыймылдар (капысынан секирүүгө, качууга умтулуу, кыйратуу, тытынуу, өзүн-өзү жулмалоо жана башка) кошулат. Оору өтө күчөгөндө дем алуу органдары шал болуп, жүрөк, дем алуу токтоп, оорулуу өлөт.

Алдын алуу үчүн Кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ит капканда же башка айбандардан жарадар болгондо ошол замат врачка кайрылуу зарыл. Тилекке каршы кээ бир адамдар айрыкча элетте жашагандар, талаа жумушунда жүргөндөр айыкпас, коркунучтуу дарт экенине түшүнүшпөйт, анын өзгөчөлүктөрүнө маани беришпейт. Ошондуктан аларды ит, мышык тиштеп же тытып алганда, шилекейи менен булганганда көп көңүл бурушпайт. Анын натыйжасында кутурма оорусу көбүнчө балдарда, жаш өспүрүмдөрдө кезигет.

Кутурма оорусу кездешпеген өлкөлөр, 2010 ж.

Кутурма менен күрөшүүдө жолбун, ээсиз иттерди, мышыктарды жок кылуу, ошондой эле үй жаныбарларын өз убагында ветеринария мекемелерине каттатып, бул ооруга каршы эмдеп туруу керек. Эгерде киши талаада жүргөндө же үйдө болсун жаныбарлардан жапа чегип, кырсыкка учураса ошол замат, сөзсүз медициналык жардамга кайрылуусу зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8