Куюн сымал кыймыл

Википедия дан

Куюн сымал кыймыл - суюктуктун же газдын кичине бөлүкчөлөрунун алга жылуу жана кандайдыр заматтык окту тегеренип айлануу менен которулуу кыймылы.

Жаратылышта же техникада болуучу суюктуктун же газдын агымында Куюн сымал кыймыл көп кездешет. Мисалы, тутук боюнча аккан суу кыймылы ламинардык же турбуленттик болушуна карабастан дайыма Куюн сымал кыймылда болот, себеби илээшкектиктин натыйжасында түтүктүн бетине жабышкан суюктуктун (чектик катмар) бөлүкчөлөрунүн ылдамдыгы нөлгө чейин азаят, ал эми беттен алыстаган катмарлардын ылдамдыгы чоңоёт. Түтүк менен суюктуктун чегине жакын катмарда пайда болгон ылдамдыктын градиенти бул катмардагы суюктуктун бөлүкчөлөрүн айлануу кыймылына келтирет. Атмосферада пайда болуучу өтө күчтүү куюн жана циклондор да Куюн сымал кыймылда болот.

Нерсе кыймылда болгон кезде пайда болгон куюн ал нерсеге аракет кылган көтөрүү күчүнүн жана маңдайкы каршылыктын белгилүү бөлүгүн түзөт. Ошондуктан Куюн сымал кыймылды үйрөнүү самолёттордун канатын, аба винтин, гидравликалык турбинаны, насосторду ж. б. түзүүдө жана эсептөөдө зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.