Кыдыраалы уулу Алагуш

Википедия дан

Кыдыраалы уулу Алагуш (1897, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Сай айылы — 1944, ошол эле жер) — белгилүү комузчу, 1936-ж. Фрунзеде өткөн 1-республикалык эл чыгармачылыгынын олимпиадасынын жеңүүчүсү. Атасы ажы болгондуктан, филармонияга иштөөгө алынбай калган. К. Орозов, М. Күрөңкөев, Ы. Туманов жана башка комузчулар менен таанышып, алар менен көзү өткөнгө чейин карым-катышта, байланышта болгон. Элдик салт күүлөр «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» жана башка чертүү менен, өзү да «Алагуштун камбаркан», «Алагуштун ботою», «Алагуштун кербези», «Алагуштун күүсү» жана башка ондогон күүлөрдү чыгарган. «Алагуштун термеси» аттуу күүсү Ы. Тумановдун аткаруусунда КРдин коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жазылган жана кыргыз музыкасынын антологиясына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]