Кызыкчылык

Wikipedia дан

Кызыкчылык (лат. interest – мааниге ээ, маанилүү) – адамдын же социалдык топтун материалдуу маанидеги пайда, олжо көздөгөн ач көздүк түшүнүктөрдүн негизинде жасаган иш-аракеттеринин терең себебин чагылдырган түшүнүк. Аталган түшүнүк төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) Кандайдыр бир нерсеге карата үлүшкө ээ болуу, ага катышуу, ышкыбоздук;
2) Адамдардын көңүлү менен оюн бурган нерселерге алар тарабынан берилген баалуулук;
3) Материалдык көз карашта пайда, олжо, ач көздүк («кызыкдар болуу»).

Кандайдыр бир нерсеге кызыккандарды кызыкдар адам, ал эми белгилүү бир кызыкчылыктарды туруктуу көздөп, ийгиликке жетүү максатында ар кандай сунуштарды киргизгендерди интересант деп аташат.

Кызыктуу нерсе деп адамдардын тажрыйбалык жана теориялык керектөөлөрү үчүн позитивдүү жана негативдүү мааниге ээ болуу менен көңүлдү бурган нерселер түшүнүчү. Кызыкчылыктын заттарына карата материалдуу жана рухий, илимий жана көркөм, жалпы жана жеке кызыкчылыктар тууралуу сөз кылууга болот.

Гельвеций «акыл-эстүү кызыкчылык» деп керт башынын камын ойлобоочулуктун пайда менен болгон байланышын атаган. Саясий, өзгөчө тышкы саясаттын көз карашында кызыкчылык белгилүү бир мамлекеттин өз чек араларынан сырткары аймактарга көз артуусун билдирет. Кызыкчылык адамдын көңүлүн өзүнүн керектөөлөрүн, зарылчылыктарын, эңсөөлөрүн, ышкыларын ишке ашыруу үчүн олуттуу мааниге ээ адамдарга, нерселерге же кубулуштарга бурат.

Кызыкчылыктын келип чыгуусу кара курсактын камын көрүүгө аргасыз болгон адамдын табияты («кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет) жана адамдан көз каранды болбогон кеңири өлчөмгө ээ же коомдук өндүрүш процессинде пайда болгон объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрдүн аракети менен тыгыз байланышкан.

20-кылымда учурдун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү жана адамзатты аман алып калуу процессинде жалпы адамзаттык кызыкчылыктардын калыптандыруу иши күч алууда.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8