Кызыкчылыктардын артикуляциясы

Википедия дан

Кызыкчылыктардын артикуляциясы — индивиддер жана топтор өз кызыкчылыктарына ылайыкташтырып талаптарды түзүп, бул талаптарын саясий күрөштүн борборуна же саясий чечимдерди кабыл алуучу чөйрөгө алып чыгаруу процесси.

Кызыкчылыктардын артикуляциясы кызыкчылык топторунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Г.Алмонд жана Р.Пауэлл Кызыкчылыктардын артикуляциясынын мүмкүн болгон стилин мүнөздөгөн бир катар белгилерди санап өтүшкөн:

  • 1) талаптар ачык-айкын (мис., талаптын профсоюздун жетекчилиги тарабынан так түзүлүшү) же латенттүү болушу мүмкүн. Латенттүү убакта нааразылык жүрүм-турумда же жумуштун жайланышынан байкалат;
  • 2) Талаптар аныкталбаган декларация түрүндө болушу мүмкүн. «Биз өзгөрүүлөрдү каалайбыз», - жоюнун жолу көрсөтүлбөйт; же айкын түрүндө - мынча пайызга стипендияны көбөйтсүн;
  • 3) талаптар жалпы (мис., айлык акы көбөйсүн же баалар ушул бойдон калсын) жана жеке (товарга салынган салыктын ставкасы азайтылсын) болот;
  • 4) Кызыкчылыктардын артикуляциясы инструменталдуу, б.а. макулдашуу формасында (мис., өкмөт менен профсоюздун ортосундагы кагазга түшүрүлгөн талаптарды аткарса, иш таштоону токтотуу жөнүндө) жана эффективдүү, б.а. канааттангандыкты, жини келгендикти, көңүл калгандыкты сезим менен билдирүү.

Кызыкчылыктардын артикуляциясы саясий системанын кирүү функцияларынын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8