Кызыларт ашуусу

Wikipedia дан

Кызыларт ашуусу Чоң Алай тоосунда. Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасында, Кызыларт суусунун батышынан орун алган. Бийиктиги 4280 м. Ашуунун бели түзөң, түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы, бара-бара Памирдин тайпак тоолоруна өтөт. Негизинен палеоген менен неогендин кызыл түстүү чопо, алевролит, кумдук конгломерат тектеринен түзүлгөн. Жыл бою ачык, ал аркылуу Ош—Хорог автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

* Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2