Кызыл армиянын улуттук бөлүктөрү

Википедия дан

Кызыл армиянын улуттук бөлүктөрү — Түркстан крайлык советинин 5-съездинин (1918-ж. апрель-май) Түркстанда Кызыл Армиянын бөлүктөрүн уюштуруу жөнүндөгү токтомуна ылайык түзүлгөн Жети-Суудагы аскер кошуундары. 1919-ж. кыргыз, казак, уйгур, дунган жана башка улуттардан куралган эки эскадрон (бири 162, экинчиси 180 жоокерден турган атчандар полку) уюштурулуп, Совет бийлиги үчүн күрөшкөн. Алар негизинен жумушчу-дыйкандардан турган. Кыргыздардан Ж. Саадаев, С. Каралаев, К. Баялинов жана башка белгилүү адамдар өз каалоосу менен катышкан. 1919-ж. 29-сентябрда Түркстан АССРинин Революциячыл Аскер советинин токтому менен Түркстан фронтунун революциячыл аскер советинин карамагына өтүп, ошол эле жылдын 22-ноябрындагы Түркстан фронтунун аскер советинин буйругуна ылайык Жети-Суудагы бардык аскер бөлүктөрү дивизия укугун алып, өзүнчө Жети-Суу кошууну аталган. 1919-ж. 20-декабрда 3-Түркстан атчандар дивизиясына бириктирилген. 1920-ж. жай айларында Совет бийлигине каршы кыймылдын күч алышына байланыштуу Түркстан фронтунун командачысы М. Фрунзе жана Түркстан БАКтын төрагасы Т. Рыскуловдун буйругу менен 19-35 жаштагы аскерге жарамдуу 25 миң адамды Кызыл Армиянын катарына чакыруу каралган. Аскерге чакырылгандардын саны 30 миңге жеткен жана Орто Азиянын тарыхында кызыл армиянын улуттук бөлүктөрү биринчи жолку чакырылган туруктуу аскер болуп эсептелет. Орто Азия аймагындагы басмачыларды жана контрреволюциялык кыймылды басуу үчүн пайдаланылган (к. Басмачылык).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]