Кызыл колтук бака

Википедия дан

Кызыл колтук бака (Rana asiatica), (Bedriaga, 1898) - Кыргызстанда белгилүү болгон популяцияларын дээрлик теңин сактоодо атайын коргоо чараларын колдонуу зарыл. Суулардын булганышынын табигый биоиндикатору ( биологиялык аныктоочусу), Казакстандын Кызыл китебине киргизилген.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк-чыгыш Казакстанда түрдүн ареалы бир нече обочолонгон бөлүктөрдөн турат ( батыш тарапта Чүй өрөөнүнөн тартып Чыгыш Балхашка чейин), Түндүк-чыгыш Кыргызстанда жана Батыш Кытайда ( Синцзян жана Ганңсу) . Кетментөбө өрөөнүнүн эң батышында анык табылышы аныктоону талап кылат . Кыргызстанда Чүй өрөөнүндө Бишкек шаарынын чыгышына карай Токмокко чейин, Ысыккөл өрөөнүндө көлдүн жээктери жана көлгө куюлган суу нуктарынын бойлору. Бардык жерлерде анда-санда кездешет. Кочкор өрөөнүндө Чу жана Кочкор сууларынын, жана Жумгал суусунун жогору жана ортоңку агымынын жайылмасынын жээктери .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпысынан-суу өрөөндөрүнүн токойлуу жерлерин, талаалрды жана чөлдөрдү, деңиз деңгээлинен 350м ден 3000м чейин диапазондогу бийиктикти мекендейт ; Жер астында суу чыккан Чүй - Ысыккөл өзөөнүнүн табигый, булганбаган биоценоздордун суу биотоптору .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык жерде төмөн жана азайып бара жатат . Ананңев кыштагынан тартып ( Чыгыш Ысыккөлдүн) Түп суусуна чейин, 1984-1985 жылдары көбөйүүчү жерлеринде 1 гектарга 400-500 особдор тура келген, ал эми 1986 жылы эсепке алынган маршруттарда бирин-серин гана особдор кездешкен. Учурда, Кочкор өрөөнүндө популяциясынын орточо жыштыгы 1 гектарга 24 особң, Жумгал өрөөнүндө-6 особң, Чүй өрөөнүндө-17 особ туура келет .

Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоосунун көпчүлүк убактысын кургакта өткөрөт, күндүз жана кечки маалда активдүү. Жашаган жерлерине жараша чээнден март-май айларында чыгат. Икрасын май-июнң айларында таштайт. Бир жолку таштаган икрасынын саны 600 - 1200 жетет. Личинканын өрчүшү 40 күнгө жакын созулат. Метаморфозасынын бүтүшү – июнң - август бою. Көлчүктөрдө, чанда кургактагы чуңкурларда топтошуп кыштоосун өткөрөт ( чээнге киришин) . Азыгынын негизги бөлүгүн курт-кумурскалар ( какач канаттуулар, түз канаттуулар, кату канаттуулар ж.б.) түзөт .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көл бакасы Rana r idibunda Pal l интродуцияланган түр менен конкуренттик кылууга жөндөмсүздүгү ( Ысыккөл өрөөнү), жашаган жерлеринин булганышы ( Чүй өрөөнү) . Табигый душмандары: түлкү, кулаалылар, бор баштар , суу жыландар жана гелңминттер . Санынын өзгөрүлүшүнүн негизги себептери-ирригациялык иштер, суулардын агымынын өзгөрүлүшү, малдын жайылышы, жолдордо өлүп жоголушу жана кишинин түздөн-түз кол салуусу ( элдик дарылоо үчүн колдонушу ) .

Көбөйтүү ( колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда жүргүзүлгөн эмес . Террариумдарда сейрек түр .

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда, Кыргызстанда атайын коргоо чаралары көрүлгөн эмес, Ысыккөл коругунун жана Токмок заказнигинин жалпы режими астында жашаган аймактары коргоого алынган. Казакстандын Кызыл китебине киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IUCNRLTS жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизүүгө сунуш кылган . Чүй өрөөнүндө локалдык топтошкон популяциялары үчүн ( каражыгач токойу жана Кант шаарынын тушунда Чү суусунун бойлору), ошондой эле Жумгал жана Кочкор суусунун Чу дарыясына кошулган ( куюлган) жерлеринде жаратылышты пайдалануунун регламенттерилген аянты жетиштүү участкаларды уюштуруу. Жергиликтүү калк арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU Blab ( iv) категория. Саны жана жашаган аймактары кескин кыскарып бараткан, кууш жана дизүюктивдүү ареалду мозаика ( бөлөк-бөлөк) түрүндө таралуучу түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]