Кыл баш курт

Википедия дан

Кыл баш курт, трихоцефал (Trichocephalus trichiurus) — мите нематодалар уруусундагы жумуру курт. узундугу 3-5 см, баш жагынын алдынкы бөлүгү арткы бөлүгүнө караганда өтө кууш болуп, ичке кыл түспөл. Эркегинин арткы бөлүгү бүгүлүп турат. Кыл баш курт кан менен азыктангандыктан, анын алдынкы кыл сымал бөлүгү ичегинин былжыр челине терең кирет. Ал 5-6 жыл жашайт. Жумурткасы челек сымал. Кыл баш курт адамдын гана митеси, геогельминт. Ээсин алмаштырбайт. Оорулуу адамдын заңы менен жумурткасы сыртка бөлүнүп чыгып, жер кыртышында жумурткадан личинкалар өөрчүйт. Митенин жумурткасын адам жуулбаган жер-жемиш, жашылчаларды жегенде, булганган сууну ичкенде жугузуп алат. Адамдын ичегисинде жумурткадан личинка чыгып, ал жыныстык жактан өсүп жетилген куртка айланат. Кыл баш курт сокур жана жоон ичегиде мителик кылат. Трихоцефалёз оорусун козгойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]