Кыл кыякчылар ансамбли

Википедия дан

Кыл кыякчылар ансамбли — алгачкы музыкалык коллектив. 1930-жылдары филармонияда уюшулган. Анын демилгечиси жана уюштуруучусу Муратаалы Күрөңкөев болгон, ага Калык, Дилдебай, Саид баштаган ондон ашуун кыл кыякчылар катышкан. 1948-66-ж. ансамблди С. Бекмуратов жетектеген. Кыл кыякчылар ансамблинин репертуарына «Байге», «Кош кайрык», «Сырдаш», «Эки ногой айрылыш» жана башка күүлөр кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]