Кыналма таш

Википедия дан

Кыналма таш, брусчатка — катуу тоо тектерден (гранит, диабаз, базальт жана башка) даярдалган курулуш материалы. Короо-жайга жана жолго төшөлөт. Кыналма таштын узундугу 15-30 см, туурасы 9-15 см, бийиктиги 9-16 см. Акыркы мезгилде Кыналма таш атайын аралашмадан ар кандай формадагы калыпка куюлуп, түрдүү түстө даярдалат. Сейил бактарга, аянттарга, жөө адамдар жүрүүчү жолдорго кеңири төшөлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]