Кыргыз улуттук агрардык университети

Википедия дан
Кыргыз улуттук агрардык университети

(КУАУ)
Расмий аталышы

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университети

Эл аралык аталышы

Kyrgyz National Agrarian University named after K.I. Skryabin

Негизделген жылы

1931-жыл

Түрү

Улуттук

Ректору

Рысбек Нургазиев

Студенттери

7000 ~

Окутуучулары

Жалпы 275 окутуучулар, анын ичинде 36 илимдин докторлору жана 105 илимдин кандидаттары бар.

Жайгашкан жери

 Кыргызстан, Бишкек

Юридикалык дареги

КР 720005, Бишкек шаары, Медеров көчөсү 68,(Телефондор: +996 312 54-52-10, 54-05-48. Факс: +996 312 54-05-45. E-mail: knau-info@mail.ru, )

Сайты

knau.kg  (орусча),  (англисче)

Кыргыз улуттук агрардык университети К. И. Скрябин атындагы — агрардык багыттагы көп тармактуу ири жогорку окуу жай.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Файл:K I Skrabina.png
Скрябин Константин Иванович

Кыргыз улуттук агрардык университеттин түптөлүшү өткөн кылымдын 30-жылдарына, Кыргызстандын кайра  курулуш мезгилине таандык. Ал жылдардын саясий окуяларынын жыштыгына карабай, Ж.Абдырахманов тарабынан айыл чарбасын түптөөгө жана өнүктүрүүгө көп көңүл бурулган. Жаш республикада абдан оор мезгил  эле. Айыл чарбасында малдын башы кескин азайып, табигый өсүү дыйкан чарбаларынын керектөөсүн араң камсыз кылган. Мындай кырдааалда айыл чарба өндүрүшүнө байланыштуу, илимий негизде масалелердин комплексин чечүү зарылдыгы келип чыккан. Билимдүү адистер зарыл болгондуктан, жогорку билимдүү адистерди даярдоого муктаждык зооветеринардык институтту түзүүгө негиз болгон.

Кыргыз АССРинин жер боюнча элдик комитеттинин кеңешинин «Зоовет институтун түзүү жөнүндө» 1931-жылдын 30-январында   токтом чыккан.   Бул токтом 1933-жылдын 30-январында ишке ашырылган жана ушул жыл зооветеринардык  институттун түзүлгөн күнү болуп эсептелет.  Адегенде 53 студент окуган.   

Айыл чарбасын мындан ары өнүктүрүү, өзгөчө, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгын тез арада талааларда жана фермаларда өнүмдүүлүгүн жогорулатууну талап кылган, ал маселелерди окумуштуу агрономдор гана чече алмак. Тоют өндүрүү боюнча агроном адистерин даярдоо үчүн, 1938-жылы агрономиялык факультет ачылган, ушул эле жылы зооветеринардык институт Кыргыз айыл чарба институту деп аталган.

Институт илимий-билим берүү мекемеси болуп өнүккөн жана өркүндөгөн. Республикада эл чарбасын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жаңы адистерди: инженер гидромелиораторлорду, айыл чарбасынын механизаторлорун даярдоону талап кылган.

Ушуга байланыштуу 1949-жылы гидромелиоративдик факультет ачылган, 1952-жылы айыл чарбасын механизациялаштыруу факультети түзүлгөн.

Агроөнөр жай комплексин интенсивдүү өнүктүрүү айыл чарбасын эффективдүү өстүрүүнүн экономикалык жолдорун, мамилелерин чечүүнү шарттады. Ошентип, айыл чарба өндүрүшүндө экономисттерди даярдоо зарылдыгы жаралып, 1970-жылы ачылган экономикалык факультет, бүтүрүүчүлөрүн чыгара баштады. Азыркы күндө экономика жана маалыматтык системалар факультети университетте эң ири жана агрардык сектордун экономикасы үчүн экономисттерди, менеджер, маркетологдорду аудиторлорду, финансистерди, бухгалтелерди  даярдап келет.

80 жылдын  ичинде университет сыймыктуу жолду басып өттү. Агроөнөр жай комплекси үчүн 50 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистер даярдады. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Ч.Айтматовдун атын сыймыктануу менен айтышат – дүйнөгө аты чыккан Эл жазуучусу, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, академик зоотехния факультетинин1953-жылкы бүтүрүүчүсү.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Эмгектин баатырлары да бар, Т.Акматов Эмгектин эки жолку баатыры. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар, көпчүлүгү министр болушкан, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп келишүүдө.   Алар агроөнөр жай комплексин калыптандыруу жана өнүктүрүүгө олуттуу салымдарын жетекчилик кызматтарда иштеп жаткан мезгилдеринде кошушкан.

Сыймыктана турган алардын ысымдары: Темирбек Кошоев – Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы, агрономия факультетинин бүтүрүүчүсү. Арстанбек Дүйшеев – Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагасы, ветеринардык факультеттин бүтүрүүчүсү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана мүчө-корреспонденттери болуп шайлангандар: Ильяс Ботбаев, Жамин Акималиев, Асангалый Орузбаев жана Жумакан Лайлиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги – Абдулхай Алдашев – Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ж.б. көптөгөн окумуштуулар бар.  

Айыл жерлерине жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого кошкон салымдары үчүн зооветеринардык институт, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту, Кыргыз агрардык академиясы, К.И.Скрябин атындагы агрардык университет, азыркы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университет Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Улуу Ата Мекендик согуштун башында СССРдин Илимдер академиясынын биология бөлүмү бардык институттары менен Фрунзе шаарына көчүрүлүп келиши, республикада айыл чарба илимин өнүктүрүүгө эбегейсиз  салым кошкон.  Республиканын илимий ой жүгүртүү борбору болгон СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалын уюштурууда ошол кездеги Эл комиссарлар кеңешинин башчысы Т.Кулатовдун зор салымы бар. Бул тууралуу «Кыргыз улутунун мамлекеттүүлүгүнүн башатында»  аттуу Т.Койчуев, В.Плоских, Т.Усубалиев ж.б. жазган китепте эң сонун чагылдырылган.

1945-жылдын ноябрынан баштап, университет ири окумуштуу, академик, СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин баатыры, 1943-1952-жылдары СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалын жетектеп келген Константин Иванович Скрябиндин ысмын алып жүрөт.

 Университеттин калыптануу жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон агрардык окуу жайынын ректорлору болушкан.

Зооветеринардык институттун биринчи директору болуп, 1933-жылы доцент С.В. Тасбулатов дайындалган жана анын жетекчилиги менен институт уюшулган.

1944-жылдан баштап, институттун директору Михаил Лущихин дайындалган, ал  жогорку окуу жайын 10 жыл жетектеген.

Айыл чарба институтунун биринчи ретору болуп, 1953-жылы зоотехния факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Жүзүмкул Худайбергенов дайындалган. Ал башкы окуу корпусунун курулушуна чоң салымын кошкон.  .

1962-жылы институтту республиканын эмгек сиңирген экономисти, профессор Эркин Арабаев жетектеген. Ал экономикалык факультетти жана бир нече жаңы адистиктерди ачкан.

1979-1987-жж.  профессор – Жамин Акималиев – агрономиялык факультеттин бүтүрүүчүсү институтка жетекчилик кылган.

1987-жылдан баштап Валерий Мамонтов – айыл чарбасын механизациялаштыруу факультетинин бүтүрүүчүсү, ректор болуп иштеген. Ал институттун материалдык-техникалык базасын жана тажрыйба жүргүзүү чарбасын бекемдөөгө зор салымын кошкон. Агрардык-инженердик факультеттин окуу корпусунун курулушу аяктаган.

1989-жылы зоотехния факультетинин бүтүрүүчүсү Кыргызбай Алагушев ректорлукка шайланган.

1996-жылы айыл чарба институту агрардык академия болуп кайра түзүлгөн жана академик Жамин Акималиев республикадагы агрардык ЖОЖын экинчи ирет жетектөөгө алган.  

2001-жылдын 31-октябрында агрардык академия К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети болуп кайра түзүлгөн, ректору профессор Батырали Сыдыков болгон.

2008-2010-жылдары агрардык университеттин ректору Турсунбай Кубатбеков болгон.

2009-жылы агрардык университетке «Улуттук» статус берилген. 2010-жылдан бери  КУАУну КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Рысбек Нургазиев   жетектеп келе жатат.

Бүгүнкү күндө университет республиканын тагдырын чечүүчү беш жогорку окуу жайлардын бирине кирет. Ал республиканын агрардык секторунун экономикасы үчүн жогорку жана ортоңку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерди даярдап чыгарат.

Азыркы мезгилде университеттин курамында 6 факультет (Агрономия жана токой чарба факультети, Инженердик-техникалык факультети,  Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети, ветеринардык медицина жана биотехнология факультети, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы  факультети, экономика жана маалыматтык системалар  факультети),  Эл аралык кызматташуу жана аралыктан билим берүү институту, 32 кафедра, 4 колледж (техника-экономикалык колледж, агротехникалык колледж, Токмок агроөндүрүш колледжи, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи), мектеп-лицейи, Сокулук районундагы окуу-тажрыйба чарбасы жана 4 илимий-изилдөө институттары

(Дыйканчылык, Ветеринардык, Ирригация, Мал чарбачылыгы жана жайыт илим-изилдөө институттары) кирет.

Университетте  5 миңден ашуун студент   19 багыт менен кредиттик технология боюнча, 14 магистратура жана аралыкта(дистанттык) окутуу багыттары боюнча окушат. Окуу процессине 275 штаттагы педагогдор, анын ичинде 36 илимдин докторлору жана 105 илимдин кандидаттары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]