Кыргызобия мурутчаны

Википедия дан

Кыргызобия мурутчаны (лат. Kirgisobia bohnei, Danilevsky, 1992) - Kirgisobia Danilevsky тукуму монотиптүү , зоогеография кана генофондду сактоо аспектилеринде чоң илимий мааниге ээ.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денесинин узундугу 17–22 мм, сыртынан кадимки Corymbia cardinalis K.& J.Daniel., 1899 окшош, бирок андан кичине чоңураак. Башы көздөрүн артында алдынкы аркасына жакын. Мурутчалары аарага окшош канаттарынын үстүнө жетпейт. Коңгуроо сымал алдынкы аркасынын үстү чекиттелген ортонку капталдарында мокок тишчелери жайгашкан. Үстүнкү канаттары алдынкы аркасынан жазы, ортосу дөмпөк келип, чоку жагы бир аз ичкерип кетет. Башы, алдынкы аркасы, денесинин алды жана буттары кара, жылтырак эмес, күңүрт түстө. Үстүнкү канаты көбүнчө кызыл-күрөң, кээде алдынкы аркасы менен бир түстө, чоку жагы каралжын. Жыныстык диморфизм анча өнүкпөгөн, эркектеринин муруттары узунураак, денеси ичкерээк келет.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркүмдүн жана түрдүн ареалы толук Кыргызстандын чегинде. Фергана-Алай кошулган аймакта (Тар суусунун бассейни), түндүк-чыгыш Алай тоо кыркаларынын орто жана ири капчыгайларын камтыйт.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1500–2300 м бийиктик алкагында орто жана ири дарыяларды жээктеп өскөн токой массивдеринде, карган жазы жалбырактуу дарактарды сүйөт (Betula spp., Salix spp., Fraxinus sogdiana Bunge, Crataegus spp., Sorbus tianschanica Rupr.) . Мурда капчыгайлардын төмөн жагында суу жээгиндеги токойлордо катталган, бирок көпчүлүгү арча (Juniperus spp.), терек (Populus spp.) аралашкан токойлордо кездешкен эмес.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө сейрек. Түр ачылгандан берки 20 жылдын ичиндеги, атайлап иликтөөлөрдө онго жетпеген жандык катталган. Бул биринчи иретте мурда жердеген жерлеринин бузулушунун натыйжасы.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетишерлик изилденген эмес. Личинкаларынын өнүгүү мөөнөтү белгисиз. K. bohnei бардык кездешүүсү жээктеп өскөн кайыңдарга байланышкан, бирок алардын личинкалары кайың менен аралаш өскөн дарактардын бөлөк түрлөрүндө (мисалы: тал, теректерде) да болушу мүмкүн. Жашаган жеринин бийиктигине жараша учуу мезгили июнң - июлң айларына тура келет. Эркектери да ургачылары да күндүз кечке күүгүмгө чейин учушат . Бөлөк мурутчандардан айырмасы (C. cardinalis менен) жетилген коңуздардын гүлдөп жаткан чөп өсүмдүктөрүндө азыктанышы белгиленбеген.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суу жээктеп өскөн токой массивдеринин кыскарышы, убактысы өткөн, карыган же куураган (кайың, тал-терек), дарактарды кыркуу, ошондой эле пестициддерди иштетүү жана өрт. Биотоптордун бузулушунун тездиги катастрофага жакындап келе жатат, бир катар жерлер мисалы Куршаб капчыгайындагы суу жээгиндеги токойлор таптакыр жоголду. Жээктердеги токойлордун, өзөндөрдүн булгануусу жана климаттык өзгөрүүлөр менен сугатка алуунун натыйжасында агын суулардын таптакыр соолуп калышы мүмкүн.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо асыралган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциялар табылган жерлерде аянты 20 га кем эмес кичи коруктарды уюштуруу, тезинен жана толугу менен суу жээгиндеги дарактарды кыркууга тыюу салуу. Личинкаларынын экологиясын, азык курамын билүү, ареалынын чегин тактоо, бөлөк ксилофагдар менен болгон атаандаштык мамилелерин изилдөө жана суу жээктеген токой биотопторуна суу режими менен бирге мониторинг жүргүзүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

I категория (EN A4bc; B1a+2ab(i,ii,iiii,iv)). Биотоптордун бузулушунун натыйжасында жашаган жерлери кыскарып бара жаткан, ареалы тар эндемикалык түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]