Кыргызстандагы санарип телекөрсөтүү

Википедия дан

Кыргыз Республикасындагы тесттик санариптик телекөрсөтүүсү 2014-жылдын 6-ноябрында башталган. Ушул күндөн тарта санариптик сигнал Ысык-Көл облусунда (Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен Чолпон-Ата шаарына чейин, түштүк жээгинде Барбулак айылына чейин), Чүй облусунда Кара-Балта шаарынан Кемин шаарына чейин, ошондой эле Бишкек, Талас, Жалал-Абад жана Ош шаарларында аналогдук сигнал менен катар жеткиликтүү болду.

2015-жылдын апрель айына карата Кыргызстанда тесттик санариптик режимде 8 канал көрсөтөт: КТРК, «Маданият», «Баластан», ЭлТР, «Бешинчи канал», «Мир», СТВ жана «Пирамида». Аталган каналдардын баары калкка бекер кНЬО өрсөтүлүүчү биринчи Социалдык мультиплекске кирет. 2015-жылдын июнь айында ишке кирүүчү бул тизмеге дагы бир аймактык канал кошулат (Кыргыз Республикасынын 7 облусунун ар бири үчүн өзүнүн каналы). Келечекте программалардын Социалдык пакетине 15ке чейинки канал кошулмакчы.

Кыргызстан санариптешүүнүн ачык демократиялуу жолун тандап алды: ар бир этабы телеканалдар, жарандык коом, медиа эксперттердин катышуусунда өтүп жатат. Мисалы, Орто Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда санарип тармактарынын курулушу «Кыргызтелеком» мамлекеттик байланыш оператору менен катар жеке байланыш операторлору тарабынан да бирдей эле учурда жүрүп жатат. Бул өз кезегинде санарипке өткөндөн кийин кыргызстандыктардын ТВ контент тандоодогу мүмкүнчүлүктөрү жогору болот дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстанда санарипке өтүү өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу берүүлөр аркылуу калктын маалымат алууга муктаждыгын канааттандыруу маселелери менен түздөн-түз байланышкан.

Санариптке өтүүнүн зарылдыгын төмөнкү маалыматтар көрсөтүп турат: Кыргызстандын калкынын дээрлик 94%ы дециметрдик аналогдук ТВ көрүшөт. Ошол эле учурда калктын 87%ы ТВны маалымат алуунун эң башкы булагы деп эсептейт, ал эми 86%ы болсо, аны эң ишенимдүү булак катары санайт. [1]

КРдин санариптик телеберүүгө өтүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик Программа кабыл алынган. Аталган Программага ылайык, санарип тармактарынын курулушу «Санарип технологиялары» ЖЧКсына ириккен «Кыргызтелеком» мамлекеттик байланыш оператору менен катар жеке байланыш операторлору тарабынан да бирдей эле учурда жүрүп жатат.

«Санарип технологиялары» ЖЧКсы мамлекет акысыз бөлүп берген 2 мультиплекске 22 жеке телеканалды бириктирди.

Дагы 4 мультиплекс «Кыргызтелеком» ААКсынын мамлекеттик филиалы болгон «РПО РМТР» ААКсына бөлүнгөн. Муну менен аталган ААКсына Кыргызстандын 95% аймагын санариптик сигналды кабыл алууну камсыз кылуучу тармактарды куруу милдети жүктөлгөн. Мындан сырткары, калк үчүн акысыз программалардын Социалдык мультиплексине кирген телеканалдардын (8 жалпы улуттук + 7 аймактык) жабдыктарын техникалык модернизациялоо үчүн да каражат бөлүнгөн.

Калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарынын санарипке өтүүсүн жеңилдетүү максатында ресиверлерди сатып алуу жана аларга акысыз берүү үчүн да бюджеттен каражат каралган.

Кыргызстан санариптик берүүгө өтүү процессин 4 этапка бөлгөн:

  • 1-этабы 2014-жылдын 6-ноябрында, «РПО РМТР» ААКсынын Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарындагы 9 радиолиниялык станцияларынын передатчиктери тесттик режимде ишке киргизилүүсү менен аяктаган.
  • 2-этабы 2015-жылдын май айында аяктайт жана ал передатчиктердин Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл болустарында орнотулуусун болжолдойт.
  • 3-этап 2015-жылдын июнь айында башталып, ушул эле жылдын октябрь айынын аягында Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл болустарында 24 радиолиниялык станцияларда передатчиктердин орнотулушу менен аяктайт.
  • 4-этап 2016-жылдын сентябрь айында Баткен облусунда передатчиктерди орнотуу менен жыйынтыкталат.

Ошентип, 2016-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстандын 95% калкы санариптик телеберүүнү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Санариптешүү боюнча Кыргызстан трабынан жасалган кадамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2011-жылы санариптик телеберүүгө өтүү тууралууМамлекеттик Программа кабыл алынган;
  • 22 жергиликтүү жеке телеканал бирдиктүү байланы операторуна бирикти;
  • Мамлекет бирдиктүү байланыш операторуна бириккен 22 жергиликтүү жеке телеканал үчүн акысыз 2 мультиплекс бөлүп берди;
  • 2014-жылдын 6-ноябрынан тарта санариптик берүү тест түрүндө ишке киргизилди;
  • Акысыз телеканалдардын Социалдык пакети тууралуу Жобо кабыл алынды;
  • Жеке каналдардын Социалдык пакетке катышуусу тууралуу Жобо кабыл алынды;
  • 2014-жылы улуттук аудиовизуалдуу продукция өндүрүүгө мамлекеттик буюртма жайгаштырылды;
  • Социалдык пакетке кирген телеканалдарды техникалык жактан кайра жабдуу жүргүзүлдү;
  • Телесигналдарды ТРКдан мультиплекс борборлоруна чейин жеткирүүчү байланыш линиялары курулду;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарына жана калктын аз камсыз болгон катмарына акысыз берүү үчүн ресивер сатфп алууга каражат бөлүндү;
  • «Лицензиялоо жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «ТРВ жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу 3 мыйзам даярдалды.

Санариптик берүү стандарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда рельефдин тааталдыгына байланыштуу санариптик берүү DVB-T2/MPEG-4 тиби аркылуу ишке ашырылат.

DVB-T2 – бул DVB-T европа стандартынын 2 мууну жана DVB-Tдан сыйымдуулугунун чоңдугу менен айырмаланат(DVB-T2 стандартында мультиплекске DVB-T стандартына караганда 30-50% көп канал батат).

DVB-T2 технологиялык жактан DVB-T менен дал келбейт, ошондуктан Кыргызстанда санариптик телеберүүкөрүү үчүн жаңы техника (сыналгы, ресивер, дециметрдик антенна) сатып алаарда DVB-T2/MPEG-4 стандартын колдой тургандыгын тактоо зарыл.

DVB-T2 стандартында бир мультиплекс 15ке чейинки стандартуу сапаттагы телеканалды батыра алат.

Социалдык мультиплекс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылга карата Кыргызстандын бардык аймагында акысыз көрсөтүлүүчү санариптик каналдар пакетине (социалдык мультиплекс) 8 канал: 4 коомдук-маалыматтык (КТРК, «ЭлТР», «Бешинчи канал», «Мир»), 1 балдар жана өспүрүмдөр каналы («Баластан»), 1 маданий-агартуучу канал («Маданият»), 1 социалдык канал («Пирамида») жана 1 аймактык (Кыргызстандын 7 облусунун ар биринин өз каналы) кирет. Келечекте Социалдык мультиплексте каналдардын саны 15ке чейин болушу күтүлөт.

2014-2015-жыл ичи Социалдык мультиплекске кирген телерадиомекемелерин техникалык жактан кайра жабдуу үчүн мамлекет тарабынан 160 млн. сом бөлүнгөн. В Баткен облусунда социалдык мультиплекстин алкагында Баткен облустук телерадиокомпаниясы көрсөтөт, Жалал-Абад облусунда – Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы, Ысык-Көлдө – Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы, Нарында – Нарын облустук телерадиокомпаниясы, Ошто – «Ынтымак» аймактык коомдук телерадиокомпаниясы, Таласта – Талас облустук телерадиокомпаниясы, Чүйдө – Чүй облустук «Сары-Озон»телерадиокомпаниясы.

Санариптик телеберүүнүн артыкчылыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Санарип каналын кадимки сыналгыдан гана эмес, компьютерден, планшеттен же смартфондон, анын ичинде жүрүп бараткан транспортто да көрүүгө болот.

2. Санариптик сигнал атмосфералык жана техногендик тоскоолуктарга туруштук бере алат, ошондуктан санариптик берүдө үн да, сүрөт да аналогдук берүгө караганда ар дайым артыкчылыкка ээ болот.

3. Бир эле өткөрүүчү тилкеде аналогдукка караганда бир канча көп санариптик канал батат. Мунун жыйынтыгында, убакыттын өтүшү менен КРде телеканалдар саны өсүшү мүмкүн, бул үчүн техникалык негиз түзүлгөн.

4. Санариптик формат телеканалдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: мисалы, бир эле учурда 2 тилде берүүгө болот, а абонент керектүү вариантын өзү тандай алат, же интерактивдүү программа түзөт.

5. Телеканалдарды DVB-T2/MPEG-4 стандартында кабыл алууда колдонулуучу заманбап санариптик жабдыктар жакшы көргөн көрсөтүүлөрдү автоматтык түрдө жаздырып коюу жана көрүүнү артка жылдырып коюу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

6. Кыргызстанда каралган Multi PLP режими ар кандай бизнес-моделдерди жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошондой эле электрондук өкмөттү ишке киргизүү, бейтапканага, депутаттын кабыл алуусуна жазылууну сыналгы аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн да берет.

Кыргызстандын Санариптик ТВда өтүүдөгү Эл аралык милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1994-жылдан тарта Кыргызстан Эл аралык электробайланыш союзунун (МСЭ) мүчөсү болуп саналат, ошондуктан, дүйнөнүн башка 103 өлкөсү менен катары 2006-жылы Женевада өткөн Аймактык радиобайланыш конференциясында санариптик берүүгө өтүү планына кошулган («Женева-2006» планы). («Женева-2006» планында Кыргызстанга бүт өлкөгө трансляциялануучу 15 мультиплекс түзүү мүмкүн болгон жыштык ресурсу бекитилген.

Аталган Планга ылайык, Кыргызстан 2015-жылдын 17-июнуна чейин чек аралаш аймактардагы аналогдук телеканалдарды өчүрүшү керек. Анткени, аналогдук телестанциялар кошуна өлкөлөр санариптик берүүгө өтчү болсо, аларга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

2015-жылдын17-июну деген дата ушул күндөн тарта аналогдуктелеканалдар өзүнүн приоритетин санариптин алдында жоготот дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, алар санарипке тоскоолдук жараткан жерлерде өчүрүлүшү керек.

Бирок өлкө ичинде аналогдук телекөрсөтүү санарип менен бирдей катар бир топ убакытка чейин жашай беришине жол берилет.

Маанилүү документтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик Программа.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 279-б "Санариптик технологиялар" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Баткен зонасынан" тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында санариптик жер үстүндөгү обо берүүсүн киргизүү үчүн эки мультиплексти (жыштык бөлүүлөрдү) пайдалануу укугуна уруксат берүүчү документтерди конкурс өткөрүүсүз берүү жөнүндөгү буйругу.

5. Кыргыз Республикасынын ММТМ 06.08.2014-жылдагы № 254 приказы менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн социалдык пакетинде жеке телеберүү жана радио уюмдардын телеканалдарынын жана радиоканалдарынын берүү укуктарына болгон конкурсту өткөрүү жөнүндө Жобо.

6. Тендер жүргүзүү аркылуу улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүүгө мамлекеттик тапшырыкты жайгаштыруу. Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын алкагында Өкмөттүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 454-р буйругу менен улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүүгө 11 (он бир) млн сом бөлүнүп берилген. Улуттук аудиовизуалдык продукцияны өндүрүүгө мамлекеттик тапшырык жөнүндө Жобо, мамлекеттик тапшырыктын темалары жана улуттук аудиовизуалдык продукттардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы Маалымат саясаты боюнча кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-октябрында бекитилген.

7. Өлкөнүнүн 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 21-январында №11 Жарлыгы менен бекитилген.

8. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтому, ошону менен бирге Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн Программасы жана Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.

9. ”174-230 МГц жана 470-790 МГц жыштыктарындагы тилкелерде жер үстүндөгү санариптик эфирдик берүүлөр үчүн радиожыштык ресурстарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 578 токтому.

10. “Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүү жана өнүктүрүү саясаты: жарандык коомдун жагдайга берген баасы жана рекомендациялары” аналитикалык документ, “Санариптик Кыргызстан” коомдук уюмдарынын Альянсы.

11. "Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүнүн контентинин өнүгүү жолу”, EIDHR – The European Instrument for Democracy and Human Rights Эл аралык уюму, «INSPIRED» программасы.

«Санарипти жандыр!» маалымат кампаниясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылдын 27-апрелинде Кыргызстанда калк үчүн санариптик телеберүүгө өтүүгө байланышкан «Санарипти жандыр!» деген слоган астында глобалдык маалымат кампаниясы башталды.

Кампаниянын алкагында калкты санарип телесигналынына кошууга байланышкан ири масштабдуу жумуш алынып барылат: маалыматтык ТВ жана радио роликтер сериясы даярдалды, www.sanarip.kg сайты ишке кирди. Май айынын ортосунан тарта 1212 тынымсыз иштөөчүакысыз сурап-билүү телефону иштеп баштайт

Калкка маалымат берүү процессине волонтерлор жана аймактык координаторлор тартылат, ал эми санарипке өтүүдөгү жооптуу негизги кишилер Санарип караваны менен бардык облустарда болушат.

Кампаниянын негизги максаты – калктын DVB-T2 MPEG4 стандартындагы ресиверлерди сатып алуусу же DVB-T2 MPEG4 стандартындагы тюнери бар жаңы сыналгыларды сатып алуусун камсыздоо. Кампаниянын уюштуруучулары жарандар Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан тастыкталган ресиверлерди (ГАС КР) сатып алуусу керектигин белгилешет.

Караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы санариптик телеберүү жөнүндө портал www.sanarip.kg Archived 2022-01-13 at the Wayback Machine

«Санарипти жандыр!» Социалдык роликтери

Эскертүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. М-Вектор» (2013) улуттук сурамжылоосунун маалыматтары