Кыргызстан висмут кендери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында висмуттун 200дөй кен-кенчелери табылган. Алар көбүнчө полиметалл, алтын, күмүш, мышьяк, вольфрам, калай, кобальт, молибден жана сурьма менен бирге кезигет.

Висмут кендери көбүнчө Түндүк Теңир-Тоодо тараган (Миронов, Үчкошкон ж. б. кендер). Висмут рудалары Кастек, Талас кырка тоолорунда жез-висмуттуу, мышьяк-висмуттуу формациялар түрүндө кездешет. Кастек кырка тоосунда жез-висмуттуу минералдануу жөнөкөй жана татаал түзүлүштөрү тарамдар менен зоналар түрүндө жатат. Талас Алатоосундагы мышьяк-висмуттуу руда рифейдин калың катмарларындагы кеңдикке жакын багытта созулган жаракаларда топтолгон. Руда тулкулары негизинен катмар, мамы, уя сымал жана тарамчалар түрүндө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]