Кыргызстан элинин ассамблеясы

Википедия дан

Кыргыз элинин ассамблеясы – Кыргызстандын элин түзгөн этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм. 1994-жылы 21–22-январда Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин 1-курултайында уюшулган. Кыргыз элинин ассамблеясынын курамында 2003-жылы 1-январына 29 улуттук маданий борбор жана коомдук бирикмелер бар. Ассамблеяда ОБСЕнин жана башка эл аралык уюмдардын, жана улуттук маданий борборлордун (УМБ) катышуусу менен эл аралык семинарлар өткөрүлөт кыргыз элинин ассамблеясы тил жана улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча иш чараларды жүргүзөт.

Ар бир УМБда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар уюштурулган. Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакташтыкты сактап, аны өркүндөтүүдө УМБ өзгөчө маанилүү роль ойноодошондой Алардын иш аракеттери мамлекет тарабынан ар тараптан колдоого алынган. УМБ үчүн 1994-жылы 26-сентябрда Бишкек Достук үйү ачылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]