Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитети (БАК)
Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитети (БАК) — республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу, башкаруу жана контролдоочу органы. 1926-ж. 8-18-ноябрдагы Бүткүл союздук БАКтын 3-сессиясынын чечимине ылайык кабыл алынып, 1927-ж. 1-марттагы РСФСР ЭКСинин «Кыргыз АССРинин мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө» токтому менен бекитилген. Кыргыз АССР БАК Советтердин республикалык съезддери тарабынан шайланган жана Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынганга чейин (1937) иш алып барган. Кыргыз АССР БАК сессиялар аралыгында декрет, жобо, токтомдорду чыгарса, Президиум милдеттүү түрдө республикасынын өкмөтү сунуштаган бардык жобо, токтом, мыйзам долбоорлору менен республикалык бюджетти карап, бекитип турган жана алардын аткарылышын контролдогон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9