Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер — ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1954-жылдын 30-ноябрындагы жана 1968-жылдын 15-майындагы жарлыктары менен бекитилген. Жогорку билими бар, адистиги боюнча кеминде 15 жыл маданиятты өнүктүрүүдө, физкультура жана спорт, маданият сарайларында, үйлөрүндө, клубдарда иштегендерге, өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларына, эл чыгармачылык үйлөрүнүн, газета-журналдардын, басмалардын, китепканалардын, кинематографиянын, окуу жайлардын ж. б. кызматкерлерине берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]