Кыргыз жылнаамасы

Википедия дан

Кыргыз жылнаамасы — кыргыз эли байыртадан колдонуп келген жыл эсеби.

Кыргыздар мезгил убактысын дыкат эсептеп, аны күнүмдүк турмушунда жана чарба жумуштарына кеңири пайдаланган. XX кылымдын башына чейин өзүлөрүнүн он эки жылдык циклден турган, жаныбарлардын аттары менен аталган салттуу жылнааманы колдонуп келишкен.

Жылнаама орто кылымдарда эле белгилүү болуп, Борбордук Азияны мекендеген түрк жана моңгол тилдүү көчмөн элдердин жыл сүрүү салттары менен байланышкандыктан, аны көчмөндөр жылнаамасы деп да аташат. Орто кылымдарда кытай, жапон, корей ж. б. түштүк-чыгыш элдерине тарап, алардан европалыктарга өткөн.

Бүгүнкү күндө дүйнө элдери көчмөндөр жылнаамасын «Чыгыш жылнамаасы» деген ат менен билишет. Тарых булактарында «Чыгыш жалнаамасы VII—VIII кылымдарга таандык, ал орто кылымдарда кыргыздардан жазылып алынган делет. Кытайлардын «Тан шу» (Тан династиясынын тарыхы) чыгармасында кытай өкүлдөрү эне-сай кыргыздарына келишип, алардын жашоо турмушу жөнүндө эскерген баяндамаларында кыргыздардын жыл сүрүү салтын өзгөчө белгилешкен. «Кыргыздар жыл айларын «ай», жылдын биринчи айын «Маоши ай» (ай башы) дешет. Үч ай биригип, жылдын чейреги же төрт мезгилди түзөт. Жылдар он эки белги менен эсептелет[1].

Кыргызча жыл аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле замандарда Орхон-Енисей аймагындагы көрүстөндөргө коюлган таштарга жазылган жыл аттары, Кыргыз жылнаамасы байыртадан эле калыптанып, эл арасында колдонулуп келгендигин дагы бир далили. Кыргыз жылнаамасындагы жыл аттары төмөндөгүдөй аталган:

  • чычкан
  • уй
  • барс
  • коён
  • улуу
  • жылан
  • жылкы
  • кой
  • мечин
  • тоок
  • ит
  • доңуз

Жылдын башы «чычкан» жылы болуп эсептелип, ар бир он эки жыл аяктагандан кийин, жаңы циклдин биринчи жылы мүчөл жыл болгон. Кыргыздардын түшүнүгүндө жылдын башы болгон мүчөл жыл кандай болуп өтсө, ошол циклдеги он эки жыл да ошол сыяктуу өтөт деген пикир калыптанган[2]. Ушуга байланыштуу элдик каада-салтта мүчөл жыл ар кандай ырым-жырымдар менен белгиленип, жакшылык тилеп, тосуп алуу салты келип чыккан. Адамдардын жашын эсептөөдө биринчи мүчөл 13 (он үч) жаштан башталат. Андан кийин он эки жыл кошулуп эсептелине берет. Себеби бала өзү туулган жылы эле бирге чыкпайт, кийинки жылы гана бирге толот (жыл эсептөөдө «нөл» саны колдонулбагандыгы үчүн). Ошондуктан адам өзү кайсыл жылы төрөлсө, дал ошол жылы он экиге чыгат.

Адамдын мүчөл жашы өзү туулган жылда эмес, андан кийинки жылы болот, «чычкан» жылы туулса, мүчөлү «уй» жылы, ал эми «жылкы» жылы туулса мүчөл «кой» жылына туура келет. Элдик ырым-жырымдарда адам туулган жыл ошол кишинин он эки жыл (бир цикл) жашаган жашынын жыйынтыктоочу жылы катары майрамдалган (мисалы, «кой» жылы туулган адам үчүн «кой» жылы жыйынтыктоочу жыл болот). Ал эми мүчөл жыл андан кийинки жылга туура келип, адамдар келе турган он эки жыл жакшылыктарды алып келсин деп тилешкен жана ошого жараша ырымдарды жасашкан (мисалы, «кой» жылы туулган адам «мечин» жылында мүчөл жаш ырымдарын өткөрүшөт).

Кыргызча айлардын аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздарда туулган күндү белгилөө салты жок болгондуктан, мүчөл чыгаруу ырымы боюнча бир жылда туулган адамдардын бардыгы мүчөл жылдын башында, б. а. кыргызча жыл жаңырганда (көбүнчө февраль айына туш келет) мүчөл ырымдарын жасашкан. Жыл ичиндеги айлар он экиге бөлүнүп, алар төмөнкүчө аталат: жалган куран, чын куран, бугу, кулжа, теке, баш оона, аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы.

Булардагы жети айдын аталышы кайберен-кийик жаныбарларга байланышат. Ал эми акыркы бешөө катар сандар менен белгиленип, алар ай менен үркөр жылдыздарынын тогошушуна карата аталган. Кыргыз айларын эсептөө айдын чыгышына карата саналгандыгына байланыштуу, ар бир айда 30 күн болот. Ошол себептен күн календарындагы айларга салыштырганда кыргызча айлар жылына 8—10 күнгө жылышып, артта калат.

Ай календары менен эсеп кылган араб элдеринде арабча айлар жыл өткөн боюнча тегеренип жылыша берет, кыргыздар алардан айырмаланып, бир жылда артта калган он күн үч жылда отуз күн болуп, бир айды түзөрүн эске алышып, ар бир үч жылда он эки айга он үчүнчү «арсар ай» деген айды кошуп эсептегендиктен, кыргыз айлары мезгилдик алкактан чыккан эмес. Кыргызча жылдын башы же жаңы жыл жалган курандан башталчу. Азыркы мезгилде кыргызча ай саноо колдонулбай калгандыгына байланыштуу, ошондой эле ай календары менен бүгүнкү пайдаланган күн календарынын ортосундагы айырмачылыктардан улам, кыргыз ай аттары менен Григорий айларын атоодо көптөгөн катачылыктар кетүүдө. Мындай каталар кыргызча жаңы жыл жалган куран айынан башталат деген маалымат менен, 21-мартта белгиленүүчү «Нооруз» майрамынын айкалышынан улам жаралып, бүгүнкү күндөгү көпчүлүк басылмаларда март айы кыргызча жалган куран айы деп берилүүдө (аталыштар төмөндө берилет).

Чындыгында 21-марттагы «Нооруз» жаңы жылы кыргыз элдик календары менен эч кандай байланышы жок. «Нооруз» майрамы кыргыз элине Жакынкы Чыгыш башкача айтканда иран элдеринен келген жана элдик майрам катары майрамдалат. Кыргызча жыл сүрүү салты байыртадан бери калыптанып келгендиктен, жалган куран айындагы жыл жаңыруу «ноорузга» эч качан дал келбейт.

Кыргызча жаңы жыл жалган куран айы жаңырган биринчи күнгө же «ай башына» туура келет. Бул айдын жаңырышы көпчүлүк мезгилде, азыркы февраль айына тушташат жана айдын жаңырышына байланыштуу 10-15 күнгө жылышат. Кыргыз календарын азыркы календарга салыштырып оодаруу боюнча XIX кылымдын 2-жарымында — XX кылымдын башында жашап өткөн Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ыбрайым Абдырахманов, Муса Байгаринов ж. б. көптөгөн фольклорчулар жалган куран айын азыркы февраль айы менен дал келтиришет.

Мезгилдик убакыт алкагынан алганда да кыргыз элдик календарында жыл башы болгон жалган куран айы, Григорий календарындагы февраль айына жакындашат (февралдын ичи жана марттын башындагы күндөрдөгү жаңырган ай). Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди көрсөтөт. Ал эми жалган курандан кийинки «чын куранда чыңыртып кулун байланат» дегени, бээнин тууту жаздын башы марттан башталгандыгын кабарлайт, ошондой эле «бештин айында белдик чечилет» деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө айтылат.

Көчмөн кыргыздар кой туутун ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын башында белдикти чечип, куутту башташкан. Койлор апрель, май айларында төлдөгөн. Эгерде жалган куранды март айы деп эсептей турган болсок, анда кой жайында төлдөмөк. Демек, бул фактылар кыргыз жыл эсебинде жыл башы — жалган куран айына, кыштын аягы февраль айына туура келе тургандыгын көрсөтөт. Кыргызча ай аттары менен Григорий айларын атай турган болсок анда мындай болот:

Берилген аталыштар европалык календарга тууралоо максатында Кусеин Карасаев тарабынан ишке ашырылган.

Жалган Куран[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Куран деп кыргыздар эликтин текесин айтышкан. Курандар негизинен адырларды байырлайт. Бул күн жылып, бирок тоодо кар толугу менен кете элек учур болот. Ала шалбыртта элик көзгө көрүнүп-көрүнбөйт, мергенчи чын эле куранбы же ургаачысыбы деп толук ишене албай тургандыктан айды «жалган куран» деп атаган. Анткени жаздын алгачкы айында эликтин ургаачысы (телки) боз болгондуктан аңчылар негизинен эркегин издешкен. Мергенчилер аларды мүйүзүнөн айырмалаган[3].

Чын Куран[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол маалда курандын мүйүзү өсүп так көрүнгөнүнөн айдын аты «чын куран» делген. Бул айда жаздоодогу кар толугу менен эрип, чөп эрте чыккан тоо этектерине мал жайылат. Күн жылып, жерге көк чыгып, бак-дарактар бүрдөп, көтөрүм болгондор башын жерден албай оттоп, бооз бодо мал, кой-эчки, жылкылар жакшы тоюнуп, төлдөп сүтү көбөйүп калат. Чын куранда эликтер да төлдөйт. Ушул эки айда малчылар жаздын эрте же кеч келишине карап өйдөлөп отурган. Себеби бир жыл экинчи жылга окшошпой калышы мүмкүн болгон[3].

Бугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бугулар негизинен токой-шалбаа алкактарын байырлайт. Алар ийне жалбырактуулар менен тамактангандыктан карагайлуу токойду аралап жашайт. Бугу айында абанын температурасы бир топ эле жылып, көчмөн эл бугулар мекендеген алкакка чейин көчүп жетишкен. Ал карагайлуу токойлор деңиз деңгээлинен 1800-3000 метр бийиктикте да болот. Экологдор бул айда бугу төлдөй турганын айтышат[3].

Кулжа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул айда көчүп-конгон эл мал-жаны менен деңиз деңгээлинен 3000-3600 метр бийиктиктеги шалбаалуу талааларга жетчү. Ал аймакты кулжалар (аркардын эркеги — ред.) байырлайт. Азыр да малы көп кыргызстандыктар кулжа айында Сырт өрөөнүнө бир нече айга барып келүүгө аракет кылат. Бул маалда тоодон суу кенен түшүп, кокту-колоттордо гүлдөрдүн жыты буркурап калат. Баса, июнь айында жазгы козулар да сойгонго жарап, кошуналар шерине башташчу[3].

Теке[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Текелер деңиз деңгээлинен 3500-3700 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоолуу аймактарын байырлайт. Бул айда малчылар текелер жүргөн төрлөргө чейин көчүп-конуп жеткен. Жайдын саратаны да ушул убакка туш келет. Тоолордо мал чөптүн гүлүн оттоп ар кандай дарттардан алыс болгон[3].

Баш оона[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздар «оона» деп жейрендин эркегин айтып келишкен. Эчки-теке байырлаган аймактарда кыроо пайда болуп сууктап, мал-жандыкты бийик тоолуу аймакта кайтаруу кыйындап калат. Мындан улам алыскы жайыттагылар орто бийиктиктеги жайыттарга, жейрендер байырлаган түздүктөргө акырындык менен түшө баштайт. Бул учурда малчылар айдоо жерлерден алыс, мал өтчү кокту-колотко боз үйлөрүн тигип малын төмөндөтүп карайт. Айрым булактарда эгин талааларына малды өткөрбөө үчүн жергиликтүүлөр «күз ордолорду» (бир нече үйдөн куралган короолор — ред.) уюштуруп төрт түлүгүн тосуп жайышкан. Эл да бул убакта бири-бирине жакындап, бири-бирине баш багып, кабар алып турушкан. Августта, куут маалында, жейрендин эркеги да бир орунда турбай башы оогон жакка кетип талаалап калган[3].

Аяк оона[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аяк оона айында эл жайлоодон этекке түшөт. Ал айдын ичинде көчүп-конгондор мал-мүлкүн, үй оокатын, чака-чайнегин түгөлдөп адамдын буту-бутуна тийбей турган учур болот. Себеби бул учурда карапайым эл жыйым-терим менен алышып, кыштын камы менен санаа тартып калат. Баса, бул айда жейрендер топтошуп куут учуру башталат. Эске сала кетсек, мурун жейрендер кыргыз жеринде кеңири байырлап, малдын көбөйүшү менен союз маалында жоголуп кеткен.

Кыргыздар ошондой эле бул айда учкан желени «мыйзам гүл» дешкен. Жаратылыштын бул кубулушун байкаган жергиликтүүлөр мыйзам боюнча салык төлөчү убак жакындап калыптыр деп түшүнүшүп даярданган[3].

Тогуздун айы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул айдын аталышы көбүнчө элдин жашоо-турмушуна, коомдук саясий-социалдык алакасына байланыштуу. Эл ошол убакта туруктуу отурукташып, мал-мүлкүн толуктап салык төлөгөнгө даярданган. Көчмөн эл этекке түшүп, салыкчылар элдин малын санап, алардын канча салык төлөй турганын аныкташкан. Ал кезде кыргыздар салыкты тогуздап төлөгөн. Ошондон улам бул айды кыргыздар «тогуздун айы» дешкен жана мамлекетке бере турган тогуздун экөөсүн тапшырган. Ошондой эле айрым илимпоздор тоодон мал-мүлкү менен түгөл түшкөндөр куда күтүп калыңды тогуздап бергендиктен «тогуздун айы» деп аталган деп божомолдошот. Бул айда кыргыздар малын чөбү кечирээк жетилген тоонун тескей бетине, арпа, буудай же таруу орулган аңыздарга жайышкан[3].

Жетинин айы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал кезде салыкчылар алына турчу салыкты толук алчу эмес. Анткени эгер бийлик өкүлдөрү баарын чогултуп алса, аларды багып, тоют даярдап кошумча чыгымга учурамак. Ошондуктан кийинки айда калган жетинин экөөсүн берген. Жетинин айында суу тартылып, булактар азыктанып, суунун деңгээли жалган куранга чейин төмөндөйт. Кар катмары туруктуу болуп, суулардын агымы бир жылдык агымдын беш пайызына жетпейт[3].

Бештин айы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийинки айда калган жетөөнөн экөө кемиген. Бештин айында суук катуулап, күнүмдүк чарбалык иштер оорлоп калат. Бул айдын 21инде жылдын эң узак түнү, эң кыска күнү болот. Абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп, бир айда беш-он сутка кар түшөт. Бул маалда жайытты жакшы колдонгон малчылар далдоо кыштоолорго келип буга чейин мал жайылбаган, чөбү толук сакталган жерлерден орун-очок алышкан. Аталган айдын акыркы он күнүндө 41 күнгө созулган кышкы чилде түшүп, февраль айына чейин созулат[3].

Үчтүн айы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калган беш баштын экөөсү берилип, үчөө калат. Ушул айда чилде түшүп, тургундардын күнүмдүк тиричилиги кыйындап калат. Өрөөндөрдө төрт-жети, айрым жерлерде абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөп кетет. Бул айда кар да калыңдайт. Ай ичинде беш-он күн кар жаашы мүмкүн. Кыргызстандын аянтынын үчтөн эки бөлүгүнө 10-15, айрым жерлерде 50-75 миллиметрге чейин кар түшүп, кыш кычырап калат. Кыргыздар кыштын суугун күчүнө карап аяздарга бөлгөн. Өтө суук «темир аяз» январда, андан жылуураак «мүйүз аяз» февралда, андан да жылуу «кийиз аяз» февралдын аягы, марттын башына чейин барган[3].

Бирдин айы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы экөө салыкчыларга берилип, тогуздун бир бөлүгү калган ай. Элдин аңчылык кылышына шарт болбойт, колдогу малды жакшы карап кыштан аман-эсен чыгуунун жолун издеп калышат. Бирдин айында кардын көлөмү максималдуу чекке жетет. Айрым жерлерде 1,5 метрге чейин чукулдайт. Кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Айдын соңунда күн жылып, акырындык менен кар кетип, соңунда жаздын илеби сезиле баштайт.

Кыргыздар ай жаңырган учурду ай арасы деп коюшкан. Ал күндөрү сөзсүз аба ырайы бузулуп, бийик ашуу тоолордо кар жаайт дешкен. Ал эми Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошкон күндөрү көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн[3].

Кыргызча күндөрдүн аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элдик календары боюнча бир жыл он эки айга, ар бир ай отуз күнгө бөлүнүп, төрт жумадан турган. Жуманы апта деп аташкан. Бир жума жети күндөн болуп, ар бир күн төмөнкүчө аталат:

  • 1-күн — дүйшөмбү
  • 2-күн — шейшемби
  • 3-күн — шаршемби
  • 4-күн — бейшемби
  • 5-күн — жума
  • 6-күн — ишемби
  • 7-күн — жекшемби.

Кыргыздардын салттуу жыл санагында жылдын кайсыл мезгилинде кандай аба ырайы жана табият кубулуштары боло тургандыгы жөнүндө асмандагы жылдыздарга, айдын жаңырышына жана Ай менен үркөр топ жылдызынын тогошуна карата божомолдонот. Кыргыз элдик календары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, эл ичинде колдонулуп келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сейдакматов, Касымбек. Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү / К. Сейдакматов. - Фрунзе: Кыргызстан, 1988. - 63,[4]
  • Кармыштегин Макелек Өмүрбөй уулу. Кыргыз саресепчилиги: күн санак, ай санак, жыл санак. ISBN 9789967332300
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Али Дашман. Кыргыз жана түрк тилиндеги ай аттары //(Бишкек, 2006), КУУнун жарчысы, Сер.1.-№ 4.-Б., 2006.-338-340-б.
  • О. Каратаев, С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. «Бийиктик» - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]