Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы С. А. Чуйков атындагы 1939-жылы Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт студиясынын (1935) базасында ачылган. 1980-жылы C. Чуйковдун ысмы берилген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда окуу жай убактылуу жабылып, айрым окуучулар Самарканд көркөм сүрөт окуу жайына которулган. Окуу жайда живопись, дизайн жана жасалга-колдонмо искусствосу боюнча адистер даярдалат. Г. Айтиев, Л. Ильина, А. Михалёв, А. Игнатьев, С. Акылбеков, В. Тюрин, А. Молдакматов ж. б. белгилүү сүрөтчүлөр эмгектенишкен. Окуу жайында Т. Садыков, А. Асранкулов, А. Бейшенов, Т. Герцен, Б. Жалиев, С. Ишенов, Ж. Кадралиев, Т. Курманов, С. Чокморов, С. Макашев, А. Арым Кубат, Д. Кадыралиев ж. б. искусство ишмерлери окуган. Директорлору: анын ичинде Простев, Ш. Керимбаев, Ф. М. Зазулин, Ж. Кожакметов, М. С. Акылбеков, Е. С. Гердюк, С. Асанбеков, Н. Конгурбаев, 1975-жылдан Т. Байбосунов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]