Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы М. Күрөңкөев атындагы — республикадагы орто билим берүүчү музыкалык окуу жайы. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын музыкалык-хореографиялык окуу жайын ачуу жөнүндө токтому менен уюшулган. 1945-жылы Муратаалы Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачылган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-жылы 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кандуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар музыкалык мектептерин бүтүргөндөр жана музыкага жөндөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектепти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-жылы кыргыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачылган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, музыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кылдуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстрадалык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары. Хореографиялык бөлүмү 1980-жылы атайын окуу жайы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаалы Күрөңкөев атындагы стипендия белгиленген. Директорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Коханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Асакеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мураталиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]