Кырк-Кечүү капчыгайы

Википедия дан

Кырк-Кечүү капчыгайы, Кырк Кечик капчыгайы — Алай кырка тоосунун түндүк капталында; Кара-Суу районунун аймагында. Кырк-Кечүү суусу (Ак-Бууранын оң куймасы) аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3—3,5 км, кууш жери 300—500 м, жапыз жери 1250—1260 м, бийик жери 2700—2800 м бийиктикте. Капчыгай суу эрозиясынан жана үбөлөнүү процессинен пайда болгон. Девон менен карбондун кумдук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет. Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик; антецеденттик капчыгай. Төмөнкү бөлүгү кеңейип, бир нече тектирди пайда кылат да, Ак-Буура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 м бийикке чейин), арча токойлору жана бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200—2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токойлор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жайытка мал айдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]