Күлүк

Википедия дан

Күлүк (Kulug) - мамлекеттеги белгилүү башкаруучулардын, аскер башчыларынын, кыргыз кагандардын жакын тууган-туушкандарынын аттарына жалганып айтылган наам.

Бул терминдин баштапкы мааниси Kulug - «атактуу», «тектүү» деген маанини туюнтат. Кемчик-Хая Бажыдагы (Тува Республикасы) аскадагы жазууда ошол доордогу кыргыз Анның аттуу битигчинин (тамгачы, жазгыч, сабаттуу адам) жазгандарынын мазмунунда: «...Ынанчу Күлүк Чигши Бек Кара Сеңирдеги эрдигим үчүн алты бат (аймак) элди, кыштымдарды (баш ийген элдердин аталышы) башкардым…

Сангун Бөдбү бул аймактын мыкты башкаруучусу, Кыргыз каганы аркылуу жазылды...» - деген саптар бар. Бул маалыматтардан аталган мамлекеттик ишмердин көзү тирүү мезгилинде алган мансап наамдарын, даражаларын да байкоого болот. Кызыл-Чыраадагы (Тува) экинчи эстеликте: «...Учүн Күлүг Тириг(к) уулумун, Күлүк Туганмын. Теңир колдогон өлкө (мамлекет) үчүн тогуз эр (баатыр) өлтүрдүм...» - деген саптар бар.

Жазуу эстеликтеринен төмөнкү энчилүү аттарды (наамдарды) байкоого болот: Az Kulug, Kulug Chigsi, Kulug Inanch Sachu Sangun, Kulug Tirig, Kulug Tutuk, Kulug Urungu ж.б. Маалыматтар титул-терминдин байыркы Кыргыз каганатынын аймагында кенен таралган мамлекеттик-башкаруу титулу, ошону менен катар мансап ээлерине түбөлүк ыйгарылуучу энчилүү ат, наам жана антропокомпонент болгондугун тастыктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8