Күлө

Википедия дан

Күлө — думана, дервиштердин шоңшогой чокулуу атайы баш кийими. Адатта ак кездемеден жасалгандыктан ак Күлө деп айтылса керек. "Манас" эпосунда Ак күлөлүү аксакалдын кайыбынан пайда болушу жөнүндө «Ак күлөлүү думана, Асасы бар шапап Кайдан келди билинбейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 86),— деп айтылат, к. Думана.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4