Күрөш

Википедия дан
Жайлоодогу күрөш
Майдан күрөш

Күрөш - кыргыз элинин улуттук спорт оюну.
Күрөш байыртадан эле кыргыз элинин сүйүктүү оюндарынын бири. Күрөш оюнуна жаштар да, чоң кишилер да катышкан. Көбүнчө эл чогулткан той – тамашада, ар кандай жыйында балбан күрөштүрүшкөн. Күрөштө жеңген балбандарга байге берилген. Кыргыз эли эзелтеден эле балбандарды даңазалап, алардын атын муундан муунга өткөрүшкөн. Мисалы, азыр Каба уулу Кожомкулду Кыргызстанда жашагандар гана эмес, бүткүл өлкөбүздүн эли билет. Анын атын сыймыктануу менен аташып, кыргыз элинин спортунун сыймыгы катары баалашат.
Күрөш оюну көк майданда, мектептин спорт залында, таарынды төшөлүп, үстүнө килем салынган жумшак жерде ойнолот. Оюнга 7 – 17 жаштагы 20 – 25 эркек бала катышат. Оюнчулар жашына, салмагына, күчүнө жараша топтолот. Ар бир топтогулар өз – өзүнчө жаатка бөлүнүшөт. Калыс аларга кыргыздын коюн – колтук алышып күрөшүүсүнүн ыгын түшүндүрөт.
Калыс эки жааттан бирден оюнчуну ортого чыгарып күрөштүрөт. Күрөшкө катышкан оюнчу өз атаандашын чалбастан, бутун тосо койбостон, “ ит жыгылыш “ болбостон, так көтөрүп чаап, далысын жерге тийгизүү керек. Күрөш 10 – 15 минутага созулат. Күрөштө жеңген оюнчуга 1 упай берилет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.

Мелдеш төмөндөгү системалар боюнча жүргүзүлөт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ким жыгат?
Күрөш

а) айланма системасы;
б) 6 же 8 штрафтык очкодон кийин уттургандардын оюндан чыгып калуу системасы.

Айланма системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айланма системасында ар бир балбан башка топтордогу өз салмагына ылайыктуу балбан менен беттешип чыгат. Эгерде мелдешке көп сандагы. балбандар катышуучу болсо, анда аларды кошумча топторго бөлүштүргөндөн кийин, кошумча топтордо бирдей орунду ээлеген балбандардын ортосунда орундар үчүн күрөш башталат.
Айланма системасы боюнча каршылаш түгөйлөрдү түзүү.

Катышуучулардын жашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күрөшкө 16—18 жаштагы уландар, ошондой 19 жаштагылар да катышат.
  • Катышуучулардын жашы туулган жылы боюнча (туулган айы эсепке алынбайт) белгиленет.
  • Айрым учурларда, догдурдун кошумча маалыматы жана өз машыктыргычынын уруксаты болгондо 18 жашка толгон уландар чоңдор менен мелдешке чыгышат.

Чоңдор үчүн салмактык категориялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Өтө эле жеңил салмак 44кг. дан 48 кг. га чейин,
  2. Өтө жеңил салмак 48 кг. дан 52 кг. га чейин.
  3. Жарым жеңил салмак 52 кг. дан 57 кг. га чейин.
  4. Жеңил салмак 58 кг. дан 62 кг. га чейин.
  5. 5 Жарым орто салмак 62 кг. дан 68 кг. га чейин.
  6. Орто салмак 68 кг. дан 74 кг. га чейин.
  7. Жарым оор салмак 74 кг. дан 82 кг. га чейин.
  8. I оор салмак 82 кг. дан 90 кг. га чейин.
  9. II оор салмак 90 кг. дан жогору.

16—18 жаштагы уландар үчүн салмактык категориялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Өтө эле жеңил салмак 43 кг. дан 46 кг. га чейин.
  2. Өтө жеңил салмак 46 кг. дан 49 кг. га чейин.
  3. I жарым жеңил салмак 49 кг. дан 52 кг. га чейин.
  4. II жарым жеңил салмак 52 кг. дан 55 кг. га чейин.
  5. I жеңил салмак 55 кг. дан 58 кг. га чейин.
  6. II жеңил салмак 58 кг. дан 61 кг. га чейин.
  7. I жарым орто салмак 61 кг. дан 64 кг. га чейин,
  8. II жарым орто салмак 64 кг. дан 67 кг. га чейин.
  9. орто салмак 67 кг. дан 70 кг. га чейин.
  10. II орто салмак 70 кг, дан 74 кг, га чейин.
  11. Жарым оор салмак 74 кг. дан 79 кг. га чейин.
  12. Оор салмак 79 кг. дан жогорку.

Катышуучуларды таразага тартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучуларды таразага тартуу мелдештин бардык күндөрүндө жүргүзүлөт, мелдештин биринчи күнүндө күрөш башталардан 4 саат мурда, мелдештин калган бардык күндөрүндө күрөш башталардан 2 саат мурда башталат да бир сааттан ашык созулбайт.

  • Күрөшчүлөр таразага кийимсиз тартылат.

Катышуучулардын кийимдери жана тазалыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын спорттук кийимдери шым, такасы, жулугу, мыгы жок бут кийимден, белбоодон турат. Белбоо кебез кездемеден жасалып, узундугу каршылаш өнөгүнүн муштуму оңой эле өткөндөй байланат. Катышуучулар болсо бут кийимсиз мелдешке коё берилбейт. Килемдеги калыс каалаган катышуучунун белбоосун эрежеге ылайык кайрадан байлоого укуктуу.
Балбандын денеси таптаза болуп, колунун тырмактары алынууга тийиш.
Спорттук кийимдери жана тазалыктарды бузса балбан мелдешке коё берилбейт.

Калыстык топтор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калыстар тобуна:

  1. башкы калыс,
  2. акын орун басарлары,
  3. башкы катчы жана анын
  4. жардамчылары,
  5. калыстар,
  6. убакытчы,
  7. жарчы жана врач кирет.

Кармашуунун натыйжасын аныктоого 3 калыс— башкы калыс, же анын килемдеги орун басары жана капталдагы бир калыс катышат. Кармашууга техникалык катчы жана убакытты кароочунун катышуусу менен өтөт.

Килемдеги калыс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Килемде калыс кармашуунун жүрүшүнө жетекчилик кыла; жана ал мелдештин эрежеге ылайык өтүгүнө көз салат. Килемдеги калыс төмөндөгүдөй учурларда кармашууну токтот: а) күрөшчүлөрдүн бири жеңилгенде;

б) тыюу салынган ыкмаларды колдонгондо;

в) күрөшчүлөрдү килемдин ортосуна кайтаруу талап кылынган учурда,

г) күрөшчү кокустукка учураганда;

д) кармашуу убагында спорттук кийим бузулганда;

е) эскертүүгө тийиш болгон учурда;

ж) катышуучуну эскертүүсүз чыгарып салууга калыстар тобунун чечими болгондо.

Кармашуунун убагында килемдеги калыс күрөшчүлөргө тыкандык менен көз салып турууга, алардын кыймыл-аракетине баа берип, күрөштү кимиси чыныгы жүргүзүп жаткандыгын жана кимиси аракеттенүүдөн баш тартып жаткандыгын аныктоого тийиш. Килемдеги күрөшчүлөр калыс чыныгы жана максаттуу күрөштү жүргүзүүсү үчүн эрежелердин чегинде колунда болгон баардык укуктарды колдонууга тийиш. Килемдеги калыс балбандарга эскертүү жасоо менен таасир көрсөтүп, күрөштү активдештирүүгө тийиш.
Эгерде кармашуунун жүрүшүндө эреже бузуларга жол берилсе килемдеги калыс кармашууну дароо токтотууга жана капталдагы калыстар менен өзүнчө чечимин макулдаттырып эскертүү жасоого тийиш.
Эгер күрөшүүчү кармашуунун натыйжасына таасир көрсөтпөгөн, бирок тыюу салынган ыкмаларды колдонуп жаткан болсо калыс кармашууну токтотпостон эле туура эмес аракетин дароо токтотулушун талап кылууга милдеттүү.
Килемдеги калыс күрөшчүлөрдүн кармашууларынын убагында капталдагы калыстын берген белгисине кунт коюу менен көз салып, эрежеге ылайык аны эске алып турууга милдеттүү.

Капталдагы калыс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Капталдагы калыс кармашуунун натыйжасын аныктайт, килемдеги калыска жардам берип, эрежелердин бузулушуна жана кармашууну токтотууга себеп болгон дагы башка учурларга анын көңүлүн бурат.
Капталдагы калыстын карамагында 4 тегерек калакча болууга тийиш, алардын биринин эки жагы тең ак түстө, калган үчөөнүн бир жагы кызыл, экинчи жагы жашыл түстө болот, аларда 1, 2, 3 деген цифралары бар.
Далынын килемге тийгендиги байкалган бардык учурларда же кармашууну токтотууну талап кылгандыгы башка учурларда капталдагы калыс колун же калканчаны даана көтөрүп, ошонун өзү менен килемдеги калыс көңүлүн бурат.

Убакытта отурган калыс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Күрөшчүлөр менен калыстар билип турсун үчүн убакытта отурган калыс ар бир минуттун аякталышы жөнүндө: 1 минут, 2 минут, 3 минут ж, у. с. деп каТУУ угуза жарыялап турат. Убакыт бүткөндөн кийин гонгду уруу менен кармашуунун аяктагандыгы жөнүндө белги берет.
  2. Убакытта отурган калыс гонгду уруу менен белги бергенден кийин килемдеги калыс дароо ышкырыгы менен күрөштү токтотууга милдеттүү.

Кармашуунун мөөнөтү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармашуунун мөөнөтү чоңдор үчүн 6 минут, 16— 18 жаштагы уландар үчүн —4 минут.
Топтор аралык мелдештерде ар түрдүү разряддагы жана жаштагы күрөшчүлөр беттешкенде кармашуунун мөөнөтү жогорку разрядга же жаш үчүн белгиленген убакытка ылайык келүүгө тийиш.
Эгер катышуучулардын бири майып болуудан күрөштү улантууга мүмкүнчүлүгү болбой калса, анда кармашуу 3 минуттан ашык эмес убакытка токтолуп калат. Эгер күрөшчү үч минут өткөндөн кийин да токтотулган кармашууну уланта албаса ал жеңилди деп жарыяланат. Эгер кармашуунун убагында бир эле күрөшчүнүн себебинен кармашуу бир нече жолу токтотулса, токтотулган убакыт жалпысынан 3 минуттан ашпоого тийиш.
Эгер кармашуунун убагында күрөшчүнүн кийими жана белбоосу бузулса анда кармашуу үч минуттан ашык эмес убакытка токтотулат, Эгер күрөшчү 3 минуттун ичинде өзүнүн кийимин жөнгө келтирүүгө үлгүрбөсө же кийими экинчи жолу бузулса, анда ал жеңилди деп эсептелинет.
Кармашуу килемдеги калыстын ышкырыгы боюнча башталат, аякталат же дароо токтотулат жана кайрадан башталат. Калыстын ышкырыгынан кийин жасалган ыкма эсепке алынбайт.

Кармашуулардын саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16—18 жаштагы уландар бир күндүн ичинде эң көп дегенде үч кармашууга катыша алат.

19 жана андан жогорку жаштагы эркектер бир күндүн ичинде эң көп дегенде төрт кармашууга катыша алышат,

Ар бир келерки кармашуунун алдында чоң күрөшчү кеминде 15 минут, уландар кеминде 20 минут эс алууга тийиш.

Кармашуунун башталышы жана аякталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармашуу башталардын алдында күрөшчүлөр килемдин эки бурчтарында карама-каршы турушат, Жарчы калыс ар бир күрөшчүнүн фамилиясын, салмагын, спорттук разрядын, кайсы спорттук уюмга таандык экендигин жарыялайт.
Калыстын ышкырыгы боюнча күрөшчүлөр ортосуна барып, кол кармашышат. Ошондон кийин күрөшчүлөр айкалышып, бири биринин белбоосунан алы« шат да, кошумча ышкырыктан кийин кармашуу башталат.

Кармашуунун натыйжасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир күрөшчүнүн жеңиши жана экинчи күрөшчүнүн жеңилиши, ошондой эле тең чыгуу кармашуунун жыйынтыгы болуп саналат. Айрым учурларда күрөшчүнүн экөө тең жеңилди деп эсептелиниши мүмкүн.
Балбан кармашууну төмөндөгүдөй натыйжа менен утуп алышы мүмкүн:
а) таза жеңиш;

б) упай боюнча жеңиш;

в) кармашуунун убагында калыстар коллегия тарабынан 3 жолу эскертүү жасалгандан кийин каршылаш өнөктү мелдештен чыгаруунун натыйжасында аракетсиздик, эрежелерди бузгандык ж. б. үчүн);

г) каршылаш өнөк килемге чыкпаганда, майып болуунун натыйжасында кармашууну улантуудан баш тартканда ж. б.

Таза жеңиш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таза жеңиш күрөшчүгө төмөндөгүдөй учурларда эсептелинет: каршылаш өнөгү көз ачып-жумганча далысы менен килемге тийгенде («чучу кулак болуп» кулоо накта жеңилиш болуп эсептелинет); эрежени бузгандык үчүн каршылаш өнөгүн оюндан чыгарганда, атаандашы майып болуунун натыйжасында кармашууну улантуудан баш тартканда; врачтык жардам көрсөтүү, кийиминдеги кемчиликти жоюу үчүн бөлүнүп берилген 3 минут убакыт атаандашы тарабынан сакталбаганда.
Эгер күрөшчүлөрдөн экөө тең бир эле убакта аркасы менен килемге тийсе, капталына куласа күрөш турган абалда улантылат. Эгер күрөшчүнүн далысы килемге тийген учурда денесинин ылдыйкы бөлүгү жана буттары килемден тышкары болсо, анда жеңилди делип эсептелинет. Эгер кармашууга атаандашы келбегендиги үчүн күрөшчүгө таза жеңиш эсептелсе, кармашуунун убактысы мындай учурда 00 мин. 00 сек. деп белгиленет.
Таза жеңиш эки калыстар тарабынан таанылган учурда гана эсепке алынат.

Упай боюнча жеңиш жана тең чыгуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармашуу үчүн белгиленген убакыттын ичинде таза жеңиш аныкталбаган учурда кармашуунун натыйжасы төмөндөгүдөй аныкталат:

а) упай боюнча жеңиш — эгер күрөшчулөрдүн бири кармашуунун жүрүшүндө, пайданы көбүрөөк алган болсо. Жеңүүчү 1, ал эми жеңилген күрөшчү 3 утулуш упайга ээ болот.

6) эгер күрөшчүнүн экөө тең кармашуу аякталгандан кийин утуш упайына ээ болбосо, же бирдей сандагы упай алышкан болсо тең чыгышты деп жарыяланат да, алар 2ден штрафтык упай алышат.

Ыкмаларды упай менен баалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгер кармашуу үчүн белгиленген убакыттын ичинде атаандаштардын биринин таза жеңиши аныкталбаган болсо калыстар жеңүүчүнү күрөштө ыкмаларды, каршы ыкмаларды колдонгондугу жана активдүүлүгү үчүн күрөштүн жүрүшүндө балбандар топтоюн упайдын көптүгү боюнча аныктайт.
Утуш упайы күрөшчүгө төмөндөгүлөр үчүн берилет.
1. Бир упай:
а) жооп кайтаруу ыкмасы менен атаандашын курсагына, тизесине жыккандык же болбосо төрт аяктап калууга мажбур кылгандык үчүн;

б) атаандашынын килемдеги калыстан алган бир эскертүүсү үчүн;

2. Эки упай;
а) атаандашын капталына жыккандык үчүн, бирок жыккан күрөшчү бир колу менен белбоодон алган бойдон колун коё бербей өзү да капталы менен килемге тийип турган болсо,

б) Эгер ыргыткан учурда атаандашынын башы же денесинин белден жогору жагы килемден тышкары болуп калса. Мындай учурда ыкма эсепке алынбайт да, күрөш турган абалда кайрадан башталат.

Эрежелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрөштүн уруксат берилген ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бутту кагуу.
  • Торой чалуу.
  • Колдон кармоо.
  • Моюндан алуу.
  • Белбоонун алдынан, капталдан, алдыдан, ийинден ашырып үстүртөн кармоо.
  • Жамбашка салып ыргытуу, капталына салып ыргытуу, белбоонун алдынан, капталынан кармоо»
  • Чалкалап, өзүнөн ашыра ыргытуу.

Тыюу салынган ыкмалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Атаандашын башына ыргытуу.
  • Муунду тескери кайруу менен ыкмаларды өткөрүү.
  • Моюндан муунта кармоо.
  • Белден төмөн кармоо.
  • Атаандашынын башына башы же чыканагы менен таянуу.
  • Атаандашын тизесинен жогору бут менен кагуу, чалуу.
  • Атаандашын буттарынан кармоо.
  • Атаандашын манжаларын кармоо.
  • Атаандашын башынан эки колдоп алып ыргытуу.
  • Белбоодон алып ыргытуу.

Эскертүүлөр, эске алуулар жана беттешүүлөрдөн чыгарып салуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1) Калыстарга же атаандаштарына орой мамиле кылгандыгы үчүн, ошондой эле күрөштүн жүрүшүндө кийимин иреттеп алып жүрбөгөндүгү да эске алынат.
Күрөштүн эрежесин бузгандык үчүн, ошондой эле күрөштү начар жүргүзгөндүк үчүн күрөшчүлөрдүн экөөнө тең эскертүү жасалышы мүмкүн, бирок эскертүүнү кармашуу башталгандан эки минуттан эрте жасоого болбойт.
Эгер күрөшчүлөрдүн бири же экөө тең биринчи эскертүүдөн кийин кайрадан эрежелерди бузса же күрөштү начар жүргүзсө — экинчи жолу эскертүү жасалат.
Бир эле кармашуунун убагында күрөштүн эрежесин үчүнчү жолу бузганда эскертүү жасалбайт да, кармашуу токтотулуп, күрөшчүгө (же экөөнө тең) жеңилиш катталат.
Эскертүү жарыялоо үчүн калыстын макулдугу зарыл.
Кармашууну начар жүргүзгөндүк үчүн балбанды же экөөнү тең оюндан чыгарууда үч калыстардын бир добуштуу чечими жана калыстар тобунун башчысынын макулдугу зарыл.
Эрежени одонолук менен бузганда же өзүнүн атаандашына же калыска карата одоно мамиле кылганда балбан учурдагы кармашуудан же бүткүл мелдештен, калыстар тобун эскертүүсүз эле чыгарууга мүмкүн.

Мелдештин жеңип чыгуучуларын жана катышуучулар ээлеген орундарды аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салмактык категорияларда жекече орундар төмөндөгүдөй аныкталат:

  • Бардык кармашуулардын жыйынтыгында утулуш упайларын эң аз алган балбан өзүнүн салмактын категориясында жеңип чыкты делип эсептелинет.
  • Андан кийинки орундар утулуш упайлардын улам өсүүчү саны боюнча аныкталат.
  • Эки балбандардын утулуш упайлары тең болгон учурларда алардын ортосундагы кармашууну уткан балбан жогорку орунду ээлейт.
  • Эгерде күрөшчүнүн утулган упайлары бирдей болуп, алар бири бирин упай боюнча өз ара жеңген болсо, анда мыкты орунду бүткүл мелдештин убагында таза жеңиштерге көбүрөөк ээ болгон балбан алат.
  • Бул көрсөткүч да тең болгон учурларда жогорку орунду бул жеңиштерге баарынан аз убакыт сарп кылган балбан алат.
  • Топтор аралык мелдеште эки же андан көп топтордун упайлары тең болгон учурларда орундар жекече орундарды аныктагандай аныкталынат.
  • Эгер катышуучу ооруп мелдештен чыгып калса анда өткөрүлгөн кармашуунун санына карабастан, анын ээлеген орду белгиленет.
  • Таразага тартылууга келбеген же өзүнүн салмактык категориясынын чегинен ашып кеткен катышуучуга орун белгиленбейт.
  • Мелдешти 6—8 штрафтык упай менен аяктаган катышуучуларга салмактык категориядагы катар орундар катышуучунун кайсы айланмада чыгып калышына жараша аныкталат (бир айланмада чыгып калган балбандар мелдешти бир убакыт аякташы делип эсептелинет).
  • Бир айланмада чыгып калгандар үчүн орундар ушул бөлүмдүн биринчи пунктундагыдай аныкталынат.
  • Эгер кандайдыр бир салмактык категорияда бир гана күрөшчү болсо, анда ошол салмак боюнча биринчилик ойнолбойт, бирок бул күрөшчүнү койгон топ ошол салмактык категория боюнча биринчи орунду алат.
  • Өздүк топтук мелдештерде орундарды аныктоо топтун ар бир зачеттук катышуучусунун жекече натыйжаларын жыйынтыктоо жолу менен жүргүзүлөт.
  • Бул учурда өздүк натыйжалар ар бир салмактык категория боюнча төмөндөгүдөй аныкталат: биринчи орун үчүн бир упай, экинчи орун үчүн эки упай, үчүнчү орун үчүн үч упай ж. б.

Топ аралык мелдеш тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Топтор аралык мелдеште таза жеңишке ээ болгон күрөшчү топко үч упай, ал эми анын каршылаш атаандашы 0 упай алып келет, упай менен жеңишке ээ болгон күрөшчү өзүнүн тобуна 2 упай, ал эми каршылаш атаандашына 0 упай алып келет, тең чыгуу менен аякталган кармашууда ар бир топко 1 упайдан берилет, эки күрөшчүнүн тең жеңилиши менен аякталган кармашууда топтор 0 упайдан алышат.
Кандайдыр бир салмактык категория боюнча катышуучуну койбоюн топ 0 упай алат, ал эми каршылаш топ 4 упай алат (00 мин. 00 сек. убактысы менен).
Беттешүүнүн жүрүшүндө баарынан көп упайга ээ болгон топ жеңүүчү болуп жарыяланат. Өз ара беттешүүнүн жүрүшүндө упайлардын экиден көп эмес айырмасы менен жеңген топ бир штрафтык упай, уттурган топ 3 штрафтык упай алат.
Беттешүүнүн жыйынтыгында упай жагынан 9 жана андан көп айырма менен жеңге топ 0 штрафтык упай, ал эми беттешүүнү уттурган топ 4 штрафтык упай алат.

Жеңиш аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Топтор аралык мелдеште орундар мелдештердин бардык жүрүшүндө алынган эң аз упайлар боюнча аныкталат.
Жеңиштердин саны тең болгондо бардык таза жеңиштерге убакытты эң аз жумшаган топ алдыда деп эсептелинет. Бул эки топтордун беттешүүсүндө бир таза жеңиш болбогондо жеңип чыккан кармашууларда утуш упайын көп алган жана ыкмаларын көп өткөргөн топ жеңүүчү деп эсептелинет.

Мелдеш өткөрүлүүчү жайларды жасалгалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрөш боюнча күрөшө турган аянты 7 жана 9 метр келген күрөш үчүн атайын килемде, же таарынды төгүлгөн чуңкурларда жана кек чөпкө төшөлгөн тегерек килемдин үстүндө жүргүзүлөт.
Килем жумшак нерсе менен толтурулуп, тегиз болууга тийиш.
Чуңкурга кеминде 20 см, калыңдыкта таарынды төгүлүүгө тийиш. Таарындынын үстү кездемеден жасалган атайын жапкыч менен капталууга тийиш.
Көк чөптүү аянттын чөбү калың болуш керек.
Килемдин күрөшө турган аянтынын чеги кеңдиги кеминде 10 см. келген сызык менен даана белгиленүүгө тийиш. Чуңкурдагы жана көк чөптүү аянттагы күрөшө турган аянт 20 см. кеңдиктеги сызык менен белгиленет. Сызыктын өзү күрөшө турган аянтка кирбейт. Аянттын борбору диаметри кеминде бир метр келген тегерек сызык менен белгиленет.

Айланма системасы боюнча мелдештерди жүргүзгөн кезде түгөйлөрдү түзүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Катышуучулар жуп санда болгондо түгөйлөр чучукулак кармаганда алынган номерлер боюнча төмөндөгүдөй түзүлөт:

1—2 6—3

5—4

1—3

2—4 6—5

1—4 3—5 2—6

1—6
5—2
4-3

1—5

4—6

3—2

  • Катышуучулар так санда болгондо нөлдүк номер кошулат да, түгөйлөр катышуучулардын саны жуп болгондогудай эле принцип боюнча түзүлөт, мында нөлгө каршы болуп калган катышуучу бош болот.

1—3 2—0

1—0 3—2

1—2
0—3

Катышуучулардын саны башкача болгондо түгөйлөр ушундай эле система менен түзүлөт.

Утулгандарды чыгарып салуу системасы боюнча мелдештерди өткөрүүдө түгөйлөрдү түзүү

Утулгандардын чыгып кетиши жүргүзүлүүчү мелдеште бардык балбандар салмактык категориялар боюнча группаларда күрөшүшөт. Биринчи айланманын түгөйлөрү төмөндөгүдөй тартипте түзүлөт: Кичине номер эн. жакын чоң номер менен беттешет, мисалы: 1—2, 3—4, 5—6, 7—8, 9—10ж.у.с.
Катышуучулар так санда болгондо акыркы номер биринчи айланмада бош калат.

  • Экинчи айланмада номер 1 али күрөшө элек эң жакын номер беттешет, мисалы, 1—3, 2—4, 5—7, 6—8, 9—11 ж. у. с. Катышуучулар так санда болгондо экинчи айланмада эн акыркынын алдындагы номер бош калат ж. у. с.
  • Бардык учурларда түгөйлөрдү бир айланууда эки бош номер калгандай кылып жана бир эле катышуучу эки жолу бош калбагандай кылып түзүү керек, Кезектеги айланмага төмөндөгү балбандар киргизилбейт:

а) 6 же 8 жана андан көп утулуш упайларын алгандар,

б) врачтын корутундусу боюнча мелдештен чыгып калгандар,

в) кезектеги таразага тартууга келбегендер же өзүнүн салмактык категориясынын чегинен чыгып калгандар,

г) өзүнүн бардык беттешүүлөрүн аяктагандар,

д) мелдештен алынгандар.
Күрөшкө аялдар да катышса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]