Күрөңкөй Белек уулу
Күрөңкөй Белек уулу (1826, Ысык-Көлдүн Талды-Булак айылы -1907, ошол эле жер) — залкар комузчу, дастанчы. Улуу комузчу Муратаалынын атасы. Бала чагынан чоор, сурнай, керней тарткан, кийин комуз черткен. Атасы Белек Шабдан хандын сурнайчысы, кернейчиси болгон. «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Камбаркан», «Көк сандал», «Сары үңкүр», «Тайбала» жана башка кара күүлөрдү аткарган. «Жаныш-Байыш», «МуңдукЗарлык», «Эр Табылды» дастандарын айткан. Композитор М. Раухвергер «Чолпон» балетине Күрөңкөйдүн «Тайбала», В. Фере «Кыргызстан» аттуу симфониясына «Көк сандал» күүсүн пайдаланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9