Көксуу (Батыш) өрөөнү

Википедия дан

Көксуу (Батыш) өрөөнү - Алай өрөөнүнүн батышында. Түндүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Текелик тоосу менен чектешет. Алай районунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытка жакын 60 кмге созулат; туурасы 4–5 км. Таманынын деңиз деңгели орто бийиктиги 2500–3300 м. Курчап жаткан тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу биииктиги 1000–1200 м. Өрөөндүн башында тепши сымал төрлөр, мөңгү көп. Ортоңку бөлүгү кууш, тоо капталдары кокту-колоттуу. Аягы Текелик суусунун чатынан Алай өрөөнүнө чейин кеңеет. Мында өрөөндүн капталдары тик, жардуу. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин шагыл, кум, чополору менен толгон. Тоо капталдары кеңдик багытында жаткан тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Климаты кескин континенттик; январдын орто температурасы —14°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаан- чачыны 300 мм. Өрөөн аркылуу Көксуу жана анын куймалары (Текелик, Корумду, Бекага, Караказык, Чоң Кочкорчу, Кызылайрык, Кочкорчу) агып чыгат. Арча токойлуу шалбаалуу талаа, субальп жана альп талаасы, шалбаа жана нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт, этеги чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө Чак, Кочкорчу кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]