Көкүмов Жолдош

Википедия дан

Көкүмов Жолдош (1938-ж.т., Саргата айылы) - ырчы-аткаруучу, педагог. СССР маданиятынын отличниги.

  • 1989-ж. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
  • 1967-жылдан Ош мамлекеттик Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайында мугалим болуп иштеген. Ал Б .Эгинчиевдин “Күлгүн жаш”, М. Баетовдун “Даанышман”, “Сагыныч”, А. Огомбаевдин “Ой, булбул”, “Гүл”, “Күйдүм чок”, “Жаштарга” ж. б. лирикалык ырларды тунук, мукамдуу үнү менен маңыздарын ача ажарланта аткарган. Кдун тубаса шыгы, аткаруучулук чеберчилиги Б. Эгинчиевдин “Күлгүн жаш” аттуу лирикалык ырын аткарууда таасын көрүнгөн.
  • 1987-ж. Ташкендеги үн жазуучу студиядан К-дун аткаруусундагы ырлардын граммпластинкасы чыккан. Индияда, Непалда, Польшада гастролдо болгон. Анын биртоп ырлары Кыргыз улуттук телерадио берүүлөр корпорациясынын музыкалык алтын коруна жазылган. Республикалык, бүткүл союздук ырчы-аткаруучулардын конкурстарынын бир нече жолку,
  • 1976-ж. Польшада өткөн дүйнө элдеринин фольклордук өнөрүнүн эл аралык фестивалынын лауреаты. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5