Көкүрөк

Wikipedia дан
Көкурөк клеткасы: 1, 3, 8, 9— кабыргалар; 4, 7— кабырга кемирчектери; 2,5— төш сөөгү 6— чемирчек; 10— омурткалар.

Көкүрөк (көөдөн) (лат. Thorax) — дене тулкусунун жогорку бөлүгү. Ал көкүрөк омурткаларынан, 12 жуп кабыргадан жана алардын кемирчегинен, төш сөөгүнөн түзүлөт.

Төш сөөгү жалпак сөөк; үч бөлүктөн — сабы, денеси жана канжар сымал урчугунан турат. Кабырга узунунан келген ичке ийри сөөк. Ал кабырга сөөктөн жана кемирчектен турат. Кабыргалар арткы учу менен көкүрөк омурткаларына биригип турат. Кабыргалардын урчугу омурткалардын каптал урчуктары менен ашташып, дем алган учурда кабыргалардын көтөрүлүп жана төмөн түшүп турушун камсыз кылат.

Жогорку беш кабырганын алдыңкы учтары төш сөөгү менен биригип, чыныгы же кара кабыргалар деп аталат. Кийинки 5 кабырга жалган же карчыга кабыргалары деп аталат да, алардын кемирчектери бири бири менен кошулуп кабырга жаасын же сүбөнү түзүп турат. Акыркы эки кабырганын учу бош болуп, курсак булчуңдарынын арасында жайланышат (жетим кабыргалар).

Көкүрөк көңдөйүнүн ичинде жүрөк, өпкө, кекиртек, кызыл өңгөч, кан тамырлар жана нерв талчалары жайгашат. Көкүрөк көңдөйү төмөн жагынан боор эт менен ич көңдөйүнөн бөлүнүп турат: жогору жагы моюнга өтөт. Көкүрөктүн формасы адамдын жынысына, дене түзүлүшүнө жана булчуңдардын өөрчүшүнө жараша ар кандай (жазы жана кыска, узун жана ичке) болушу мүмкүн.

Көкүрөктүн формасы кишинин ден соолугуна да жараша болот. Мисалы, итий менен ооруган баланын төш сөөгү алды жакты карай урчуюп чыгып, канаттуулардын төш сөөгүнө окшошуп кетет. Ал эми дем алууга тескери таасирин тийгизүүчү ооруларда (мисалы, эмфизема) көкүрөк челекке окшоп калышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8