Көкөмерен габбро кени

Википедия дан

Көкөмерен габбро кени — Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызылой кыштагынан 5–6 км түндүк-чыгыш тарапта, Көкөмерен капчыгайынын оң жак өйүзүндө, Бишкек – Кара-Балта–Суусамыр–Арал жолунун боюнда жайгашкан. 1954-ж. табылган. Кен аймагын ордовик менен силурдун интрузия тектери түзөт. Габбро силур мезгилинде пайда болуп, туурасы 2 кмге чейинки тегерек шток түрүндө Көкөмерен суусунун нугунан 300 м бийиктикке чейинки зооканы түзөт. Этегиндеги кесек сынык габбро корум ташы 5–6 га аймакты ээлейт. Габбро каралжын боз, кара түстө болуп, негизинен роговой обманка жана магнетиттен турат. Курамында кварц болбогондуктан оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Сайкалданган бет бир өңчөй түстү берип, тегиз жылмаланып, күзгүдөй жалтырап турат. Запасы 100 миң м3. Кесек шагылдан 5 дм3ден 0,5 м3ге чейинки блокту алууга болот. Габбро имараттарды, монументтик курулмаларды кооздоп беттөөгө жана кооз майда буюмдарды жасоого жарактуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]