Көк-Арал

Википедия дан

Көк-Аралтопоним. Алмамбет менен Сыргак душмандын жылкысын тийип келе жатканда артынан Коңурбай баштаган куугунчулар келип, уруш болгондо Сыргактан кабар алган кыргыздардын колу каршы аттанат. Ошондо Таздын уулу эр Үрбүнүн колу «Көпкөк темир тон менен Көк-Арал деген жол менен» (Сагымбай Орозбаков, 4. 327) жөнөйт. Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4