Көк-Арт

Википедия дан

Көк-Арт, Көгарт — топоним. Кыргыздар мекендеген жер катары көп эскерилет. Манас Ала-Тоону душмандан бошотконго чейин К.-А. дарыясын бойлото Алооке кандын шаары жайгашканы: «Көргөндө сонун ушу бар, Көгарт суунун бою шаар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 165) делип, көп кабаттуу үйлөрү бар кооз шаар катары айтылат. Географиялык реалияда К. -А. суусу жана өрөөнү азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районун аймагында, ашуусу Фергана тоо тизмегинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]