Көк-Кыя көмүр кени

Википедия дан

Көк-Кыя көмүр кениЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда , Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталында, Көк-Кыя суусунун төрүндө, Кен “Батыш” жана “Чыгыш” аттуу эки участкага бөлүнөт.

1939-ж. издөө иши, 1943-55-ж. геол. cъемка, издөө иштери жүргүзүлгөн. Көмүр туюк свитасынын ортоңку жана жогорку бөлүгү менен байланышкан. Көмүр кабаттарынын, кабатчалардын саны 50–60ка жетет. Кабаттардын калыңдыгы 0,04–1,65 м. Көмүрдүн сапаты, технологиялык касиеттери начар изилденген. Күлдүүлүгү 4,53%тен 13,89%ке чейин, күйүү жылуулугу 34,05–35,61 МДж/кг (8107–8507 ккал/кг). Болжол ресурстары 114182 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]